Министрдин орун басары Динара Кемелова БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (UNOCT) башчысы Владимир Воронков, ошондой эле Латын Америкасында жана Кариб бассейнинде өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча агенттигинин (ОПАНАЛ) Башкы катчысы Флавио Роберто Бонзанини менен жолугушту

2022-жылы 2-августта министрдин орун басары Динара Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин 10-Обзордук конференциясына катышуусунун алкагында БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (UNOCT) башчысы Владимир Воронков, ошондой эле Латын Америкасында жана Кариб бассейнинде өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча агенттигинин (ОПАНАЛ) Башкы катчысы Флавио Роберто Бонзанини менен жолугушту.

БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы В.Воронков менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда долбоордук жана программалык иш-чараларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тараптар региондо терроризмге жана экстремизмге каршы алдын алуу чараларын көрүүгө көмөктөшүүчү БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия үчүн жаңыланган биргелешкен аракеттер планынын кабыл алынышын канааттануу менен белгилешти.

Динара Кемелова UNOCTнин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнү жогору баалап, ушуга байланыштуу Башкармалыгынын өкүлүнүн аймакта болуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

ОПАНАЛ менен жолугушуунун алкагында Борбор Азия менен Латын Америкасынын өзөктүк куралсыз аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Министрдин орун басары мындан аркы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү үчүн негиздерди түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуну эрте бүтүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK