Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси менен жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өнүктүрүү келечегин талкуулап, үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жемиштүү жолугушуусун белгилешти.

Айбек Молдогазиев өз кезегинде экономикалык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун, эки өлкөнүн аба байланышын мындан ары өнүктүрүүнүн, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кытай Элчиси Ду Дэвэнь кытай тарап эки тараптын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө маани берерин жана аларды мындан ары ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшай турганына ишендирди. Ошондой эле Элчи эки өлкөнүн лидерлеринин Астанадагы сүйлөшүүлөрүнүн оң натыйжаларын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK