Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министрдин орун басары Динара Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-Обзордук конференциясынын жалпы дебаттарынын алкагында делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

2022-жылы 1-2-августта Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министрдин орун басары Динара Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-Обзордук конференциясынын жалпы дебаттарынын алкагында делегация башчылары, анын ичинде Корея Республикасынын тышкы иштер министринин көп тараптуу жана дүйнөлүк маселелер боюнча орун басары Хам Сан Вук, Жаңы Зеландиянын куралсыздануу жана курал-жарактарга контролдук министри Ф.Тюфорд, Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Л.Дарсалия, Румыниянын тышкы иштер министри Л.Фота, Словениянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Т.Файон, Норвегиянын тышкы иштер министерствосунун мамлекеттик секретары В.Петерссон жана Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Т.Тариат менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары Япониянын, Иорданиянын, Кирибати Республикасынын, Даниянын делегацияларынын жетекчилери, ошондой эле АКШнын жана Бразилиянын өкүлдөрү менен кыскача сүйлөшүүлөр болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө министрдин орун басары Д.Кемелова эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана 2027-2028 жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу маселелерин талкуулады.

Министрдин орун басары Кыргызстандын куралсыздануу жана ядролук куралдарды таркатпоо маселелери боюнча билим берүүгө, ошондой эле Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылына арналган демилгелери тууралуу айтып, кыргыз тараптын тоолуу өлкөлөр тобун институционалаштыруу, тоолуу өлкөлөрдүн атайын фондун түзүү жана тоо токойлорун сактоо программасы ж.б. конкреттүү сунуштарына токтоду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK