Посол Эрлан Абдылдаев по приглашению руководства региона посетил Согдийскую область Таджикистана.

2024-жылдын 17-19-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев аймак жетекчилигинин чакыруусу менен Тажикстандын Согди облусуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө «Согд-2024» эл аралык экономикалык форумуна катышты жана «Согд Экпо - 2024» көргөзмөсүндө барып облустун өнөр-жай жана айыл-чарба потенциалы менен таанышты.

Жумушчу сапардын алкагында 2024-жылдын 17-июнь күнүн Ходжент шаарында Кыргызстандын Элчиси Эрлан Абдылдаев Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар аймактардын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы, келечеги жөнүндө пикир алмашып, жарандык, үй-бүлөлүк маселелер жана социалдык мүнөздөгү документтер менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK