Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы кайра дайындалган атайын өкүлү Тери Хакала айым менен жолугушту

2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы кайра дайындалган атайын өкүлү Тери Хакала айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын жана Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы башталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында аны андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Европа Биримдиги Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык жана Аймактык индикативдик программалардын алкагында ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга бекем даярдыгын билдирди.

Кыргыз тарап дүйнөдө вакциналардын бирдей эмес жайылышы боюнча маселени көтөрүп, COVAX механизминин алкагында Кыргыз Республикасына вакциналарды бөлүп берүү процессин тездетүү өтүнүчүн билдирди.

Тараптар Афганистандын айланасындагы кырдаалды, анан мүмкүн өнүгүүсүн жана бул өлкөдөгү туруктуу  тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга биргелешкен кадамдарды өзүнчө талкуулашты.

Жолугушууда 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Биринчи Европа Биримдиги - Борбор Азия экономикалык форумун даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK