Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңыдан дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Петрович Молуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2024-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары А.Исаев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңыдан дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Петрович Молуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруунун артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алышты. Эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык уюмдардын алкагында да бардык багыттар боюнча кыргыз-беларус кызматташтыгынын жогорку деңгээли белгиленди.

Тараптар достуктун жана өз ара колдоонун духундагы ар тараптуу кыргыз-беларус байланыштарын тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK