Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Финляндиянын Элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист менен жолугушту

2024-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Финляндия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист айым менен анын дипломатиялык миссиясынын аякталышына байланыштуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Финляндиянын тоо-кен тармагындагы тажрыйбасын эске алып, Элчинин жана «Metso Outotec Finland» компаниясынын жетекчиси Марку Терасвасаранын 2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкек шаарында өткөн «MINEX Central Asia» эл аралык конференциясына катышуусун Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев канааттануу менен белгиледи.

Ошондой эле Айбек Молдогазиев Финляндиянын Элчисине Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен учурдагы кызматташтыгы тууралуу маалымат берди.

Министрдин орун басары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулоо учурунда Финляндиянын Тышкы соода жана өнүктүрүү министри Вилли Тавиондун 2024-жылы Кыргызстанга сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча биргелешкен ишти улантуу зарылдыгы белгиленди.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Финляндиянын Элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханистке кыргыз-финлянд кызматташтыгын чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK