Кыргызстандын 164 жараны Оренбургдан Бишкекке келди

Коронавирустук инфекциянын жайылышынан улам эл аралык жүргүнчүлөр каттамдарынын убактылуу токтотулган жана учурдагы карантиндик чаралар менен чектөөлөрдүн шарттарында чет өлкөлөрдө турган Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентини тапшырмасын аткаруу үчүн  жүргүзүлүп жаткан иштер уланууда.
Бүгүн 20-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган «TEZ JET» авиакомпаниясынын атайын чартердик рейси менен Кыргыз Республикасынын 164 жараны Россия Федерациясынын Оренбург шаарынан Бишкекке келди.
 Келген жарандардын арасында 2 жаш бала, 82 аял киши, алардын ичинен 33ү кош бойлуу аял жана ден соолуктары начар 80 жашы улгайган эркек адам бар. 
Келгендердин баары белгиленген медициналык жол-жоболордон өтүү үчүн белгиленген тартипте байкоого (обсервацияга) жайгаштырылат.
Андан тышкары жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан калган жарандарды Ата-Мекенине кайтаруу үчүн автобустардын колоннасы уюштурулат, маселе иштелип жатат.
Чет өлкөлөрдө турган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, диаспоралардын өкүлдөрүнүн, атамекендик авиакомпаниялардын жана активисттердин тыгыз кызматташуусунда жана колдоосунда жүрүп жатат.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK