Вена шаарында Элчи Толенды Макеевдин Австрия-Борбордук Азия парламенттик достук тобунун жетекчиси Ева Эрнст-Дзиджич айым жана аталган депутаттык достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 3-июлунда Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Толенды Макеевдин Австрия-Борбордук Азия парламенттик достук тобунун жетекчиси Ева Эрнст-Дзиджич айым жана аталган депутаттык достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин 2024-жылдын 15-17-майында Австрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары жана эки тараптуу парламенттик кызматташтыктын мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды. Эки өлкөнүн депутаттык достук топторунун деңгээлинде жигердүү иштерди улантуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Мындан тышкары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери да каралды. Бул жагдайда, Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Т.Макеев 2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер КабинетининТөрагасы А.У. Жапаровдун катышуусу менен Эл аралык инвестициялык энергетика форумунун жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери өзүнчө каралды. Тоо лыжа курорттору менен белгилүү болгон Австриянын Зальцбург Федералдык жеринде Кыргыз Республикасынын жарандарын туризм, мейманкана бизнеси, гастрономия тармагында ишке орноштуруу боюнча долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде, Е.Эрнст-Дзиджич айым жана «Австрия-Борбордук Азия» парламенттик достук тобунун мүчөлөрү 2024-жылдын 9-июнунда Австрияда өткөн Европарламентке шайлоонун жыйынтыктары жана 29-сентябрында боло турган Австриянын Улуттук Кеңешине (Парламенттин төмөнкү палатасына) шайлоо тууралуу кыскача маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө макасатында, ошондой эле конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK