Кыргызстандын Тышкы Саясатынын Жана Дипломатиялык Мамилелеринин 30 Жылдыгына Карата

1034

А.Бекназаров. КРнын Малайзиядагы элчиси

 

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН ЖАНА ДИПЛОМАТИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИНИН 30 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

 

1.ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН ЖАНА ДИПЛОМАТИЯСЫНЫН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

 

Азыркы заманбап мамлекеттерди жакшылап таануу үчүн анын эл аралык деңгээлде жүргүзүп жаткан ички, тышкы саясатын кыскача болсо да билүү талап кылынат. Илгертеден, кандай гана мамлекет болбосун, башында мейли король, хан же президент турбасын, жакынкы, алыскы коңшулары менен өз ара мамилелерин жөнгө салуу үчүн, эки жолдун бирин тандаган. Биринчиси дипломатияны- сүйлөшүүлөрдүн түркүн-түркүн ыкмаларын, айла-амалдарын же экинчи жолду күчтү: - кызыл-кыргын согуштарды, басып алууну колдонуп келген. Демек тышкы саясат- бул мамлекеттердин, элдердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга багытталган кайсы бир мамлекеттин ички саясатынын уландысы болсо, дипломатия ошол мамлекеттин тышкы саясатын ишке ашыруунун жол-жоболору, түрлөрү, ыкмалары же иш чаралары. Тышкы саясат менен дипломатия ажыратылгыс бир бүтүн. Буларды бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Ошондуктан кайсы бир мамлекеттин жүргүзүп жаткан дипломатиясынан, анын тышкы саясатынын маңызын түшүнсө болот. Ар бир мамлекеттин тышкы саясаты менен дипломатиясы анын көзкарандысыздыгы менен кошо төрөлүп, кошо өлөт. Эгемен Кыргызстандын тышкы саясаты менен дипломатиясы качан, кандайча башталган?

1991-жылдын 18-20-августундагы тарыхта «путч» же «ГКПЧ» деген ат менен калган, СССРдин бир топ төбөлдөрүнүн уюштурган төңкөрүшү, ошол кездеги Россия Федерациясынын президенти Б.Ельциндин аларга каршы бекем турганынан улам ишке ашпай калат. Ушул тарыхый окуя, СССРди «эгемендүү республикалардын союзу» кылып кайра түзүүнүн үстүнөн иштеп жатышкан саясый иш чараны токтотуп, союздук республикалардын Жогорку Советтеринде шашылыш түрдө өздөрүнүн көзкарандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияларын жарыялоого түрткү берген. Башка союздук Республикалар сыяктуу эле, ошол кездеги Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда: «…1. Кыргызстан Республикасы- көзкарандысыз, эгемендүү, демократиялык деп жарыялансын…, 4.Союздук Республикалардын парламенттерин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүн Кыргызстан Республикасынын көзкарандысыздыгын таанууга чакырат…»- деген тарыхый Декларацияны кабыл алган жана бүткүл дүйнөгө жарыялаган. Бирок бул саясый-тарыхый документ, Эгемен Кыргызстандын өз алдынча толук кандуу ички, тышкы саясатын жүргүзүүгө жетишсиз болгон. Себеби ушул эле Декларациянын 3-пункту менен: «… Кыргызстан Республикасы эгемендүү мамлекеттердин жаңы Союздук Келишимин тең укуктук негизде түзүлүшүн колдойт» - деген жобону бекиткен жана Декларацияда: «Кыргызстан Республикасы толук кандуу ички, тышкы саясатын көзкарандысыз (өз алдынча) жүргүзөт» - деген ченем болбогон. Себеби 1991-жылдын август айынан декабрь айына чейин деле СССРдин курамына кирген көпчүлүк Союздук Республикалардын жетекчилеринен, депутаттарынан түзүлгөн атайын комиссия Москвада СССРдин ордуна жаңы Союзду түзүүнүн үстүнөн иштөөсүн улантышкан. Ошого байланыштуу Эгемендүү Республикалардын тышкы саясаты эле эмес, көп маселелер борбор менен Союздук Республикалардын ортосунда кандай болору так чечилип аныкталган эмес.

1991-жылдын 8-декабрында Белоруссиянын Беловежская пуща деген жеринде мурда 1922-жылы СССРди түзүшкөн үч славян Республикаларынын-Россия, Украина, Белоруссиянын башчылары Б.Ельцин, Л.Кравчук жана С.Шушкевич жолугушуп, СССРдин ордуна Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндөгү 8 пункттан турган Келишимге кол коюшкан. Ошол келишимдин 1-пунктунда: СССРдин мындан нары эл аралык укуктун жана геосаясый реалдуулуктун субъектиси катары аракеттенишинин токтотулушу жөнүндө ченем бекитилген. 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында ушул Келишимге дагы 8 Союздук Республикалардын жетекчилери кол коюшуп, СССРдин ордуна Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) түзүлгөндүгү боюнча Декларация кабыл алышат. Бул Декларациянын тарыхый-саясый маанилүүлүгү бир эле СССРдин эл аралык мамилелердин субьектиси катары аракеттенишинин токтотулушу расмий жарыяланганында эле эмес, СССРдин курамындагы көпчүлүк Союздук Республикалар, де-факто жана де-юре СССРдин жоюлушун тастыктап, бири-биринин көзкарандысыздыгын таанышып жана көзкарандысыз мамлекет катары өздөрүнүн жаңы Шериктештигин түзгөнүн тастыктаган биринчи эл аралык Документ экендигинде. Ушундай тарыхый-саясый процесстерден кийин СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.Горбачев 1991-жылдын 25-декабрында СССРдин жоюлганын жана өзүнүн отставкасын жарыялоого аргасыз болот. Мына ушундан кийин мурдагы СССРдин курамындагы бардык Союздук Республикаларга өздөрүнүн көзкарандысыз ички жана тышкы саясаттарын өз алдынча жүргүзүүгө жана башка мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди түзүүгө жол ачылат.

Кыргызстандын көзкарандысыздыгын биринчилерден болуп: 1991-жылдын 13-апрелинде Корея Элдик Демократиялык Республикасы, - 1991-жылдын 23-декабрында Турция, 1991-жылдын 26-декабрында Австралия, 1991-жылдын 27-декабрында АКШ, 1992-жылдын 5-январында Кытай Эл Республикасы тааныган. 1992-жылдын ичинде дүйнө жүзүнүн 56 өлкөсү, анын ичинде Россия Федерациясы, Германия, Австралия, Япония, Улуу Британия, Малайзия, Индия, Франция сыяктуу өлкөлөр Кыргызстандын көзкарандысыздыгын алгачкылардан болуп таанышып, Кыргызстан менен өз ара дипломатиялык мамилелерин түзүшкөн. Мына ошондуктан быйыл 2022-жылы Кыргызстандын тышкы саясатынын, анын ичинде эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин да 30 жылдыгы көп өлкөлөрдө белгиленип жатат.

Биринчилерден болуп Кыргызстанга өз элчилигин 1992-жылдын 1-февралында АКШ ачса, экинчи болуп Турция 1992-жылдын 28-февралында ачкан. Ошол эле жылы Кытай Эл Республикасы, Россия, Германия сыяктуу ж.б. өлкөлөр өз элчиликтерин Кыргызстанда ачышкан. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 56 чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана консулдук мекемелери ачылса, анын 48 дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргызстанда жайгашкан. Ал эми Кыргызстандын 40 жакын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн 30 ашык өлкөсүндө жана эл аралык уюмдарда ачылган. Акыркы эле жылдары Азербайджанда, Италияда жана Венгрияда Кыргызстандын элчиликтери ачылды. Россияда, Туркияда ж.б. өлкөлөрдүн ар кайсы аймактарында кошумча жаңы консулдук мекемелер ачылууда.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөнүн 170 жакын өлкөсү менен Кыргызстандын өз ара дипломатиялык мамилеси бар. Үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы бар 93 чет өлкөнүн Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык атайын миссиялары иштешет.

1992-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылып, анын толук кандуу мүчөсү болсо 1992-жылдын 2-июнунда ЮНЕСКОнун мүчөсү болгон Азыркы мезгилде Кыргызстаныбыз ЕККУ, ПРООН, ЮСАИД, БСУ, БДСУ сыяктуу ондогон эл аралык уюмдардын мүчөсү жана алардын туруктуу өкүлчүлүктөрү, конторалары Кыргызстанда аракеттенет. Кыргызстан аймактык кызыкчылыктар үчүн түзүлгөн: Көзкарандысыз мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ), Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдардын, ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттер Уюмунун да активдүү мүчөсү.

 

2. ТЫШКЫ САЯСАТТЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ДИПЛОМАТТАР.

 

Ар бир мамлекеттин тышкы саясатынын негизги принциптери, өлкөнүн тышкы саясаты ким тарабынан аныкталары жана ишке ашырылары, мамлекеттин кайсы органы тышкы байланыштарды жүргүзүүгө укуктуулугу анын башкы мыйзамы - Конституциясы менен аныкталып бекитилет. Биздин азыркы Конституциябызга ылайык: «…3. Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт… 6. Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу». (КРнын Конституциясы 1-б) «1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт. 2. Кыргыз Республикасына жана жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт… 4. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат». (КРнын Конституциясы 11- б.) «4. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт… 5. Президент ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат…» (КРнын Конституциясы 66- б). «…6. Президент: 1). Өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат; 2). Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет…3). Ратификациялоо грамоталарына жана эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет» (КРнын Конституциясы 70-б.) «1. Министрлер Кабинети:… 2). мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырат… 10). тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууну камсыз кылат;» (КРнын Конституциясы 91- б) - деп тышкы саясаттын негизги принциптери аныкталып, Кыргызстандын атынан тышкы байланышка КРнын президенти менен Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуулугу, тышкы саясатын аныктоо, жүргүзүү аны жүзөгө ашыруу: Президентке, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө (Министрлер Кабинетине) жүктөлгөндүгү Конституцияда так бекитилген.

Мамлекеттин тышкы саясаты менен эл аралык байланыштарын камсыз кылууда, өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктар жана функцияларынын өзгөчөлүгү менен, Тышкы Иштер Министри мамлекеттик бийлик түзүмүндө негизги орунга жана өзгөчө статуска ээ.

Мамлекет башчысы, Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Тышкы иштер министри тышкы саясаттарды жүргүзүүдө, эч кандай өзгөчө ыйгарым укуксуз эле башка мамлекеттер менен байланыштарды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, БУУнын башкы Ассамблеясынын, Коопсуздук Кеңешинин жыйындарында, башка эл аралык уюмдарда Кыргызстандын атынан чыгууга укуктуу. Алар ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөндө бардык жалпы тааныган укуктарга жана дипломатиялык артыкчылыктарга, иммунитеттерге ээ болушат. Эгерде Тышкы Иштер Министрлигинин негизги ишмердүүлүгү болуп, Кыргызстандын укуктары менен кызыкчылыктарын эл аралык мамилелерде коргоо болуп эсептелсе, аны түздөн-түз турмушка ашырып жатышкан жүздөгөн дипломаттарсыз ал эмгектерди элестетүү мүмкүн эмес. Тышкы Иштер Министрлиги борбордук аппараттан, чет өлкөлөрдөгү, айрым эл аралык уюмдардагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелерден турат. Аларда иштешкен дипломаттар кайсы жерде болбосун өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгү менен мамлекетти жана Өкмөттү көрсөтүп турушат.

 

3. ЗО ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ ТЫШКЫ САЯСАТ МЕНЕН ДИПЛОМАТИЯДАГЫ АЙРЫМ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

 

3.1. КЫРГЫЗСТАН ЖАНА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)

30 жыл ичинде Эгемен Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 20 га жакын Резолюцияларды кабыл алган:- 1994-жылдын 19- декабрындагы 49/129- Резолюция менен «Манас» кыргыз улуттук эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө;

-1998-жылдын 10-ноябрындагы 53/24 сандуу Резолюция менен 2002-жылды Эл аралык тоо жылы деп жарыяланган;

-2002-жылдын 20-декабрындагы 57/258 сандуу Резолюция менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө;

-2003-жылдын 23-декабрындагы 58/216 сандуу Резолюция менен, Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү;

-2007-жылдын 26-ноябрындагы 62/10 сандуу Резолюция менен Эл аралык социалдык адилеттүүлүк күнүн жарыялоо;

-2013-жылдын 20-декабрындагы 68/218 сандуу Революция менен Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучту токтотуудагы эл аралык уюмдардын ролу жөнүндө;

-2016-жылдын 22-декабрындагы Резолюция менен «Диндер аралык жана маданияттар аралык диологду кеңейтүү, тынчтык үчүн өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу»…

-2021-жылдын 26-апрелиндеги Резолюция менен «Жаратылыштын чек арасы жоктугу жөнүндөгү»

-2021-жылдын 16-декабрындагы Резолюция менен «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Эл аралык жыл жөнүндөгү» жана башка Резолюцияларды кабыл алган.

Кыргызстан 2016-2018-жылдары БУУнун адам укугу боюнча Кеңешинин мүчөсү, 2018-2021-ж.ж. БУУнун баңгизат каражаттары боюнча Комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

БУУнун тынчтыкты сактоо боюнча миссияларына Кыргызстан активдүү катышат жана 1998-жылдан бери 150гө жакын Кыргызстандыктар БУУнун тынчтык миссияларына жиберилген.

Эгемендик доордо БУУнун Башкы катчылары: Кофи Аннан- 2002-ж., Пан Ги Мун- 2010-ж. жана 2015-ж.ж., А.Гутерриш- 2017-ж. атайын визиттер менен Кыргызстанга келишкен.

 

3.2. КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ЕВРОПА КООПСУЗДУК КЫЗМАТТАШУУ УЮМУ (ЕККУ)

ЕККУнун алкагында Кыргызстан:

Хельсинки актысына жана Европа коопсуздугу боюнча Париж хартиясына кол коюп өзүнө: демократиялык коом куруу, адам укугун коргоо, талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүү, башка өлкөлөрдүн чек арасын урматтоо ж.б. боюнча өзүнө милдеттенме алган.

1993-жылы Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги жана ЕККУ дагы өкүлчүлүгү ачылса, 1999-жылы ЕККУнун борбору Бишкекте ачылган. Ошондой эле ЕККУнун Бишкекте Академиясы ачылып, анда Кыргызстандын эле эмес, Казахстандын, Монголиянын жана башка өлкөлөрдүн жаштары билим алышат. Кыргызстандын тийиштүү делегациясы ЕККУнун саммиттерине, ЕККУнун Жогорку Комиссарынын, Парламенттик Ассамблеясынын, Министрлер Кеңешинин иштерине активдүү катышат.

ЕККУ Кыргызстандын ар кандай улуттук иш чараларына да жакындан көмөк көрсөтүп келет. Мисалы: Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча 2012-2017-жылдарга карата Улуттук стратегиясы, Пенитенциардык системаны реформалоо боюнча Улуттук программа «Үмүт-2»., өлкөнүн парламенттик системасын өнүктүрүү, ички иштер органдарын реформалоо., аялдарга, жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана башка багыттардагы иш чараларына жардам көрсөткөн. Акыркы 20 жылдын ичинде ЕККУ Кыргызстанга 120 млн. евро берген.

3.3. КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ (ШКУ)

Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунда учредитель- мамлекет катары, уюмдун ишине ар дайым активдүү катышат. ШКУ негизги максат, милдеттерине: саясый, соода-экономикалык, билим берүү, маданий жана башка чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты эффективдүү пайдалануу, аймактык коопсуздукту, туруктуулукту, тынчтыкты колдоо жана камсыз кылуу ж.б. болуп эсептелет. Кыргызстандын демилгеси менен ШКУнун базасында, аймактык терроризмге каршы түзүм (РАТС) түзүлгөн. 2012-2013-ж.ж. Кыргызстан ШКУнун ишине төрагалык кылган жана ушул жылдары Кыргызстанда Уюмдун жогорку органынын - МБКнин эки жыйыны өткөн. 2016-жылы Кыргызстан ШКУнун мүчө- мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешине төрагалык кылган жана Бишкекте Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйыны, тышкы экономикалык жана тышкы соода министрлеринин кеңешмеси, Каржы министрлеринин жана Улуттук банктардын төрагаларынын жолугушуулары өткөрүлгөн.

2019-жылдын 13-14- июнунда Бишкекте ШКУнун МБКнин жыйыны өтөт. Ушул жыйында Кыргызстан тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан» темир жол долбоорун ишке ашырууну активдештирүү демилгесин көтөргөн. Мындан сырткары Кыргызстан: Маалымат технологиясы чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүү, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча ШКУнун алкагында атайын уюм түзүү жана башка демилгелер менен чыккан.

ШКУнун алкагында Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктары үчүн Индия, Кытай, Россия, Пакистан ж.б. коңшу өлкөлөр менен өз ара мамиледе болушу, анын тышкы саясатынын көп векторлук мүнөздө экенин далилдейт.

3.4. КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУ. (ТМУ )

Түрк мамлекеттер уюмун түзүү жөнүндө алгач сөз, 1992-жылы Анкарада жаңы Көзкарандысыздыгын жарыялашкан- Кыргызстан, Казахстан, Азербайджан, Түркменистан, Өзбекистандын жана Турциянын президенттери тарабынан көтөрүлгөн.

2009-жылы 3-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши (ССТГ) түзүлүп, Нахичеван Келишими кабыл алынган. 2018-жылдын 3-сентябрындагы Чолпон-Ата шаарында өткөн ССТГнын 6-Саммитинде Венгрия байкоочу статусу менен мүчө болот жана Венгриянын борбору Будапештте Түрк Кеңешинин Европалык өкүлчүлүгү ачылган. 2021-жылдын ноябрь айында ССТГ-Түрк мамлекеттеринин Уюму (ТМУ) болуп кайра түзүлөт. Кыргызстандын президенти С.Жапаров бул идеяны толугу менен колдоп: «Түрк дүйнөсүн тануу-2040» деген Казахстандын биринчи президенти Н.Назарбаев тарабынан даярдалган стратегиялык документти: «түрк дүйнөсүн өнүктүрүүдө келечекте жол картасы катары чечүүчү ролду ойноп жол көрсөтөт»- деп белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын президенти Түрк инвестициялык Фондун Бишкекте ачууну сунуш кылган.

4. КОРУТУНДУ

Жыйынтыктап айтканда 30 жыл ичинде Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктан өзүнүн татыктуу ордун эле таппай, демократия жолунан тайышып, өлкөбүзгө жеке башкаруунун үй-бүлөлүк башкаруу түрүн орнотушкан, мамлекеттин саясый-экономикалык түзүмүн коррупцияга батырышкан качкын экс-президенттерге каршы үч жолу көтөрүлүп, демократия жолунда бекем экенин дүйнө элине тастыктады. Кыргызстандын эли 3 жолку «түстүү революциялардын» кесепеттеринен убактылуу солгундай түшкөн тышкы байланыштарды, тыштан кийлигишүүсүз эле улуу Манас бабабыздын осуяттарындагы ынтымакта, биримдикте жашоонун, коңшулар менен жакшы мамилелерде болуунун заманбап үлгүсүн көрсөтүшүп, саясый туруктуулукту тез эле кайра калыбына келтирип, эл аралык милдеттенмелерин Кыргызстан кыйшаюсуз аткарарын дүйнөлүк коомчулукка кыска мөөнөттөрдө далилдей алды.

Мисалы 2020-жылдын октябрь айындагы саясый окуядан кийин, солгундай түшкөн тышкы мамилелерибизди кайра калыбына келтирүүдө Тышкы иштер министрлиги тарабынан КРнын президенти бекиткен кризиске каршы атайын иш Пландар иштелип чыгып, анын алкагында дүйнөлүк аренада, айрыкча стратегиялык өнөктөштөр менен жүргүзүлгөн саясый диалогдор аркылуу 2021-жылдын ичинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылган.

Бардыгы болуп 1729 иш чара, анын ичинде 130 дан ашык эң жогорку, жогорку жана жумушчу деңгээлдеги тышкы саясый визиттер, 13 жолу Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик, расмий жана жумушчу визиттери, 17 жолу чет өлкөлөрдүн делегацияларынын Кыргызстанга болгон, 52 жолу Кыргызстандын ар кандай деңгээлдеги делегацияларынын чет өлкөлөргө болгон визиттери уюштурулган. Иш сапарларда мамлекеттер аралык, өкмөттүк жана ведомстволор аралык мүнөздөгү 95 эки тараптуу, 839 көп тараптуу эл аралык документтер даярдалып кол коюлган. Өзгөчө көңүл экономикалык дипломатияга, инвестиция тартууга көмөктөшүүгө, КРнын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын укуктары жана кызыкчылыктарын коргоого, туристик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жагымдуу тышкы саясый шарттарды түзүү багытында болду.

Стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен өз ара товар жүргүзүү, 2020-жылдын октябрь айындагы саясый кризиске жана COVID-19 пандемиясынын жылдарга созулган оор шарттарына карабай кескин өзгөртүүлөргө учураган жок. Мисалы 2021-жылдын январь-ноябрь айындагы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү:- 1 902 29 миң АКШ долларын түзсө, КЭР менен - 1 311 44 миң доллар, Турция менен - 379 344 миң доллар, Казахстан менен - 930 03 миң доллар, Өзбекстан менен - 449 825 миң доллар, ОАЭ менен-59 597 миң долларды түзгөн. Ал эми 2020-жылдагы таажы тумоосунун курч, оор мезгилинде Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери, консулдук уюмдары чет элдердеги Кыргыз диоспоралары менен биргеликте, Кыргызстанга жүздөгөн миллион суммадагы гумжардамдарды, медициналык препараттарды, дары-дармектерди жогорку деңгээлде уюшкандыкта жөнөтүшүп, кыргыздардын жакшылык менен жамандыкта бирге болуу салтын бүткүл дүйнө жүзүнө көрсөтө алышты.

Бул айрым далил, көрсөткүчтөр эле Кыргызстанды дүйнөлүк аренада демократия жолунда өнүгүп жаткан, адилеттүү коом жана укуктук мамлекетти курууга умтулган, эл аралык мамилелерде берген шертине бек, тынчтыкты сүйгөн мамлекет экенин тастыктап турат!

 

КРнын Малайзиядагы элчиси А.Бекназаров.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK