Мекендештерге шашылыш кайрылуу

4643

Урматтуу мекендештер,

Швейцария, Италия, Испания, Португалия, Мальта, Сан-Марино жана Лихтенштейн мамлекеттеринде жашаган же убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандары, учурдагы Кыргызстанда болуп жаткан татаал эпидемиялык кырдаалда жана өлкөбүз медициналык кызматкерлерге өзгөчө муктаж болуп турган мезгилде араңыздарда медициналык кызматты аркалаган же медициналык билими бар адамдар бар болсо, Кыргыз Республикасына колуңуздардан келген жардамыңыздарды көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.


Жардам Кыргызстанга барып, ал жердеги ооруканаларда жана стационарларда 1-2 ай иштөө түрүндө (акысыз же Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте төлөм алуу менен) же болбосо андай мүмкүнчүлүк жок болсо, медициналык онлайн консультацияларды
өткөрүү аркылуу берилиши мүмкүн.


Учурдагы кыйын мезгилде Ата-Мекенибиздин тагдырына кайдыгар
калбаңыздар!

Сиздерден кайта байланышты күтөбүз.