Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу тууралуу!

4262

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын:

- Абу-Даби шаарындагы Элчилигинин имаратында №9051 жана

- Дубай шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында №9044 шайлоо участкаларынын иштеп жаткандыгын маалымдайбыз.

2021-жылдын 19-ноябрь күнүнөн тартып, аталган шайлоо участкаларында, Абу-Даби жана Дубай шаарларында добуш берүүчү, шайлоочулардын алдын ала тизмеси жалпы таанышуу үчүн илинген. Шайлоочулар өздөрүн, ошондой эле, https://tizme.gov.kg/ расмий сайтынан да текшерсе болот.

Эгерде аталган алдын ала тизмеде шайлоочу өзүн таппаса, анда, консулдук каттоого же жашап жаткан эмиратка жараша, Кыргыз Республикасынын Элчилигине же Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна тийиштүү арыз (арыздын үлгүсү Элчилик жана Башкы консулдук тараптан берилет) менен кайрылса болот. Шайлоочулардын тизмесине кириш үчүн консулдук жана биометрикалык каттоолордун болушу зарыл. Жок болгон учурда, аталган каттоо кызматтары, чогуу же өз өзүнчө, Элчилик жана Башкы консулдук тараптан бекер негизде көрсөтүлөт.

 

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек – №9051 УШК, Абу-Даби,

тел.: +971505255813

имейл.: shailoo.abudhabi2020@gmail.com

2. Сыдыков Адилет – №9044 УШК, Дубай жана Түндүк Эмираттары

тел.: +971561974795

имейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com