2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышууга шайлоочулардын тизмесин түзүү иштери 2020-жылдын 29- декабрында аяктайт.

5138

Урматтуу жарандар!

 

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышууга шайлоочулардын тизмесин түзүү иштери 2020-жылдын 29- декабрында аяктайт.

 

Сиздер өзүңүздөрдү, https://tizme.gov.kg шайлоочулар тизмесинин онлайн-порталынан текшерсеңиздер болот.

Эгерде Сиз өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинде таппасаңыз, анда, консулдук каттоого же жашап жаткан эмиратка жараша, Кыргыз Республикасынын Элчилигине же Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна тийиштүү арыз (арыздын үлгүсү Элчилик жана Башкы консулдук тараптан берилет) менен кайрылсаңыз болот. Шайлоочулардын тизмесине кириш үчүн консулдук жана биометрикалык каттоолордун болушу зарыл. Жок болгон учурда, аталган каттоо кызматтары, чогуу же өз өзүнчө, Элчилик жана Башкы консулдук тараптан бекер негизде көрсөтүлөт.

Элчилик жана Башкы консулдук күн сайын саат 20.00го чейин иштешет. Сиз, ошондой эле, өзүңүздүн консулдук каттоого туруу тууралуу арызыңызды электрондук почта аркылуу жиберсеңиз да болот.

 

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек – №9051 УШК, Абу-Даби,

тел.: +971505255813

имейл.: shailoo.abudhabi2020@gmail.com

2. Сыдыков Адилет – №9044 УШК, Дубай жана Түндүк Эмираттары

тел.: +971561974795

имейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com