Notarial issues

Нотариалдык маселелер

Кыргыз Республикасынын жарандары нотариалдык кызмат көрсөтүү (ишеним кат) үчүн Германиядагы Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине кайрыла алышат.

Нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жарандардын жеке катышуусу, паспортун жана нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн зарыл болгон башка документтерди көрсөтүү талап кылынат.

 

ЭСКЕРТҮҮ: нотариалдык иш-аракеттер аралыктан жасалбайт!

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: консулдук мекемеге келээрден бир нече күн мурун электрондук почта аркылуу сизге керектүү жана жаран көрсөтүлгөн текстти Word форматында жөнөтүшүңүз керек.

Нотариалдык иш-аракетти каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесине барганда өзүңүз менен кошо ала келиңиз:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун түп нускасы + жарандын сүрөтү чапталган башкы бетинен көчүрмөсү жана Aufenthaltstitel көчүрмөсү (жашоо уруксаты - паспортко чапталган болсо);

2. Эгерде Aufenthaltstitel (жашоо уруксаты) арткы бетинде Германияда учурдагы жашаган жерин көрсөткөн өзүнчө карта болсо, бул документ түп нускада + эки тараптын көчүрмөсү;

3. Эгерде Aufenthaltstitel картасынын артындагы жашаган дареги учурдагы эмес болсо, анда сиз Германиядагы учурдагы каттоонун көчүрмөсүн (Meldebescheinigung) алып барышыңыз керек;

4. Басма түрүндө консулдук жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктоо.

Аталышы

Баасы АКШ доллары менен

Нотариалдык иш-аракеттер

10

Ишеним кат берүү

 

  1. транспорт каражаттарын

пайдалануу жана тескөө укугуна

10

  1. кредиттик операцияларды жүргүзүүгө

10

  1. акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

10

  1. камкорчулук, мурастоо жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү жана алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө.

20

Төлөм www.bundesbank.de сайтында көрсөтүлгөн расмий алмашуу курсу боюнча евро валютасында Элчиликтин/Консулдуктун эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: Элчиликте/Консулдукта төлөм ЖҮРГҮЗҮЛБӨЙТ!

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: НАКТАЛАЙ АКЧА ТӨЛӨӨ МҮМКҮН ЭМЕС!

ЭСКЕРТҮҮ: төлөмдүн же квитанциянын тастыктамасы жок болсо, документтер кабыл алынбайт!

 

Банк реквизиттери:

Кыргыз Республикасынын Германиядагы - Берлиндеги Элчилигине кайрылууда:

Botschaft der Kirgisischen Republik

IBAN: DE60 1008 0000 0519 8999 00

Verwendungszweck: Нотариустун аталышы, аты жана фамилиясы

 

ЭСКЕРТҮҮ: Польшада, Швецияда, Норвегияда, Данияда жашаган жарандар үчүн Элчилик консулдук жыйымдарды евродогу ички жана эл аралык төлөмдөрдүн ортосундагы айырмачылык толугу менен жоюлган бирдиктүү аймак - SEPA аркылуу которууну сунуштайт (кошумча төлөмдү болтурбоо үчүн жыйымдар)!

_______

Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигине кайрылганда:

Botschaft der Kirgisischen Republik

SWIFT-BIC: DRES DE FF

IBAN: DE36 5008 0000 0983 8958 00

Verwendungszweck: Нотариустун аталышы, аты жана фамилиясы

Суроолор боюнча электрондук почта аркылуу кайрылыңыз:

Berlin, Hamburg, Brandenburg, Sachsen, Sachsen-Anhalt, Mecklenburg-Vorpommern, Schleswig-Holstein, Niedersachsen, Bremen, Дания, Польша, Норвегия, Швеция: kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу.

Hessen, Bayern, Saarland, Baden-Württemberg, Rheinland-Pfalz, Nordrhein-Westfalen, Thüringen: kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу