2023-жылдын 20-августунда Э.Д.Кубатов Японияда жүргөн мекендештерибиз менен жолугушууну өткөрдү.

126

Ушул жылдын 16-августунан тартып, Кыргызстандын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын Президенти, Индонезиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Кубатов Эдуард Жумакадырович, альпинисттер делегациясы, Кыргызстандын бизнес-коомчулугу жана "BTCA" (Business Tour for Central Asia) компаниясынын өкүлдөрү менен бирге, иштиктүү иш сапары менен, ошондой эле Япониядагы Фудзияма тоосуна чыгуу үчүн келген. Кыргыз диаспорасынын колдоосу менен, у.ж. 20-августунда Э.Д.Кубатов Японияда жүргөн мекендештерибиз менен жолугушууну өткөрдү. Жолугушуунун алкагында, Кыргызстандын аброюн дүйнөгө жайылтуунун маанилүүсүн, Кыргызстанда тоо туризмин өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат берди, өзүнүн долбоорлору жана тоо чокуларына чыгуу тажрыйбасы, анын ичинде Эвересттин чокусуна чыгуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди, ошондой эле ал жазган «Менин Эверестим» китебин мекендештерге тартуулады. Ошону менен бирге, Кыргызстандын альпинизм федерациясы менен Токио альпинизм федерациясынын (10 миңден ашык япон альпинисттерин жана 147 жапон уюмун бириктирип турат) ортосундагы Келишимге кол коюлгандыгы тууралуу маалымат берди, ал мындан аркы кызматташууга жана биргелешкен экспедициялык долбоорлорду уюштурууга негиз түзөт. Ошондой эле, Э.Д.Кубатов мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берип, пландалган долбоорлор тууралуу маалымат менен бөлүштү. Жолугушуу абдан жылуу жана достук кырдаалда өттү.

  • 2023-жылдын 20-августунда Э.Д.Кубатов Японияда жүргөн мекендештерибиз менен жолугушууну өткөрдү
  • 2023-жылдын 20-августунда Э.Д.Кубатов Японияда жүргөн мекендештерибиз менен жолугушууну өткөрдү