2023-жылдын 2-сентябрында Токио шаарында, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, иш-чара өткөрүлөрүн маалымдайбыз.

101

Урматтуу мекендештер,

2023-жылдын 2-сентябрында Токио шаарында, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, иш-чара өткөрүлөрүн маалымдайбыз. Буга байланыштуу, Япониядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү спорттук иш-чараларды, ошондой эле майрамдык сый тамак уюштурат.

Элчилик дагы бул иш-чарага катышып, орун алган маселелер боюнча керектүү консулдук жана юридикалык консультацияларды берет. Андан ары, кыргыз диаспорасы тарабынан футбол боюнча турнир пландалууда.

Жолугушуу саат 11:00дөн 16:30га чейин, Токио ш., Fuchu, Koremasa, 6 Chome−27, «Fuchu local forest barbecue field» дареги боюнча өтөт.

Футболдук турнир 17:30дан 20:30га чейин Токио ш., Fuchu, Oshitatecho, 1 Chome−32−5 府中スポーツガーデン дареги боюнча өтөт.

Ар бириңиздерди активдүү катышууну жана төмөнкү формаларды толтурууну суранабыз:

https://forms.gle/EzrUUpJPdcdv189j6 - иш-чарага катышуу үчүн; https://forms.gle/FYh9DVUYsQrJ7Pw19 - футболдук турнирге катышуу үчүн.