Ушул жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Э.Осоевдун Япониянын EIGHT TOOL CO., LTD компаниясынын Президенти Ока мырза жана JICA уюмунун тарабынан жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасында эксплуатациялык инструменттер менен камсыздоо жана техникалык тейлөө боюнча бизнестин муктаждыктарын изилдөө боюнча долбоорунун изилдөө тобунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болду.

91

   Ушул жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Э.Осоевдун Япониянын EIGHT TOOL CO., LTD компаниясынын Президенти Ока мырза жана JICA уюмунун долбоорунун изилдөө (изилдөө мөөнөтү 2023-жылдын июнунан 2024-жылдын январына чейин) тобунун мүчөлөрүнүн менен жолугушуусу болду. Аталган долбоор Кыргыз Республикасында эксплуатациялык инструменттер менен камсыздоо жана техникалык тейлөө боюнча бизнестин муктаждыктарын изилдөө менен окутуу системасын түзүү аркылуу колдонулуп жаткан каражаттарды/активтерди натыйжалуу пайдалануу үчүн жүргүзүлүп жатат. Бул изилдөөнүн алкагында тиешелүү эксплуатациялык инструменттер менен камсыз кылуу жана техникалык тейлөө боюнча негизги көндүмдөрдү окутууну киргизүү аркылуу өнөр жай персоналынын жабдууларды тейлөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен иштеп жаткан жабдуулардын натыйжалуулугу изилденет. Изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде EIGHT TOOL CO., LTD Кыргыз Республикасына Японияда жасалган инструменттерди киргизүү жана өнөр жай үчүн кадрдык ресурстарды өнүктүрүү жана тейлөө технологиясын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү пландаштырууда.

     Жолугушуунун жүрүшүндө Ока мырза белгилегендей, бул компания 1958-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча электрондук тетиктерден жана смартфондордон баштап учактарга жана чоң кемелерге чейин колдонулган жогорку сапаттагы алты бурчтуу ачкычтарды чыгарып, өз продукциясын Европанын, Азиянын, Түндүк Американын, Африканын жана Жакынкы Чыгыштын көптөгөн өлкөлөрүнө сатып жатат. Ал компаниянын узак мөөнөттүү пландары тууралуу кыскача маалымат берип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан аталган EIGHT TOOL CO., LTD компаниясы үчүн алгачкы өз ишин баштаган өлкө экенин баса белгиледи.

     Өз кезегинде элчи Э.Осоев Ока мырзага жана аталган изилдөө тобунун мүчөлөрүнө EIGHT TOOL CO., LTD компаниясынын Борбордук Азияда, атап айтканда, Кыргыз Республикасында баштаган иши үчүн ыраазычылык билдирди жана өз кезегинде элчи Э.Осоев аталган жапон компаниясынын Кыргыз Республикасындагы мындан аркы ишмердүүлүгүн улантуусу үчүн максималдуу түрдө жардам көрсөтүүгө убада берди.

  • Ушул жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Э.Осоевдун Япониянын EIGHT TOOL CO., LTD компаниясынын Президенти Ока мырза жана JICA уюмунун тарабынан жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасында эксплуатациялык инструменттер менен камсыздоо жана техникалык тейлөө боюнча бизнестин муктаждыктарын изилдөө боюнча долбоорунун изилдөө тобунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болду.