“ Минатонун Тынчтык чөйрөсү ” иш-чарасында Кыргыз Республикасынын маданияты жана каада-салты тууралуу маалымат берилди

87

2023-жылдын 4-5-ноябрында Минато Сити (Токио) Япония менен чет мамлекеттердин ортосундагы маданияттар аралык мамилелерди чыңдоо максатында «Минато гүлү фестивалы ~ Минатонун Тынчтык чөйрөсү» фестивалын өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү (Алиева Жылдыз, Уметбаева Калыйман), ошондой эле Кыргыз-Япон маданий алмашуу ассоциациясынын төрагасы Л.Тадагава жана «Жибек Жолу» ишканасынын директору К.Нобута катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук кол өнөрчүлүк, кыргыз балы, ошондой эле кыргыз бийи жана улуттук аспаптарда ойноо тартууланды. Досторубузга кыргыз маданиятын жайылтуу боюнча иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

  • “ Минатонун Тынчтык чөйрөсү ” иш-чарасында Кыргыз Республикасынын маданияты жана каада-салты тууралуу маалымат берилди
  • “ Минатонун Тынчтык чөйрөсү ” иш-чарасында Кыргыз Республикасынын маданияты жана каада-салты тууралуу маалымат берилди