Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат.

124

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат.

Сапардын алкагында Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин Төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.