Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти

121

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев;

- Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров;

- Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов;

- Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;

- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

- финансы министри Алмаз Бакетаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

- юстиция министри Аяз Баетов.