2024-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө

65

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, ушул жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин Кыргыз Республикасында дем алыш күндөрү болуп саналат.

Буга байланыштуу 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги жарандарды кабыл албай турганын билдиребиз.

Ошол эле учурда, мекендештердин кайрылууларына тез арада консулдук жардам алууну талап кылган оор абалга туш болгон учурда, ыкчам жооп берүү үчүн нөөмөт, ошондой эле ишеним телефону иштейт: 090 6378 7231 (чалуулар үчүн), 0364538277a@gmail.com (арыздар үчүн).