Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында кызматташуусу (ЭКУ)

ЭКУ –1985-жылы түзүлгөн жана Регионалдык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун укугун улантуучу болуп эсептелет. ЭКУ 1977-жылы мартта үч уюмдаштыруучу-өлкө - Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Түркия  Республикасы тарабынан кол коюлган Измир келишиминин Уставынын негизинде иштейт.  

1992-жыл башталганга чейин ЭКУнун алкагында кызматташуу эки тараптуу мүнөзгө гана ээ болгон. 1992-жылдан тартып,  Уюмдун иштери 7 жаңы мамлекеттин – Кыргызстан, Азербайжан, Афганстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын кошулуусу менен жетишерлик жанданды.

ЭКУнун Катчылыгынын иштери кийинки чөйрөлөрдөгү өз ара пайдалуу программаларды жана долбоорлорду караган жана иштеп чыккан Башкы катчынын жана анын орун басарларынын көзөмөлү астындагы директорат аркылуу ишке ашырылат:

• Соода жана инвестиция;

• Транспорт жана телекоммуникация;

• Энергетика, минералдык ресурстар жана курчап турган чөйрөнү коргоо;

• Айыл чарбасы, өндүрүш жана туризм;

• Адам ресурстары жана туруктуу өнүктүрүү;

• Долбоордук жана экономикалык изилдөөлөр жана статистика;

• Эл аралык мамилелер.

Тышкы иштер министрлеринин кеңеши –Уюмдун саясатын аныктаган жана чечим кабыл алган башкы орган. Кеңеш тышкы иштер министрлеринен же мүчө-өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан дайындалган өкүлдөрдөн турат.

Башкы катчы ТИМК тарабынан үч жылдык мөөнөткө, кайра шайлануу укугусуз, мүчө-өлкөлөр көрсөткөн талапкерлердин арасынан шайланат.  

ЭКУнун максаттары:

• Мүчө-өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү.

• Соода тоскоолдуктарын прогрессивдүү четтетүү жана ички регионалдык соодага көмөк көрсөтүү; дүйнөлүк соодада ЭКУнун региондорунун ролун жогорулатуу; мүчө-мамлекеттердин экономикалык системасынын акырындап дүйнөлүк экономикага интеграцияланышы.

• Мүчө-өлкөлөрдү бири-бири менен жана дүйнөлүк коомчулук менен байланыштырган транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү.

• Экономикалык либерализация жана приватизация.

• Мобилизация жана ЭКУнун региондорунун материалдык  ресурстарын колдонуу.

• ЭКУнун региондорунун айыл чарба жана өнөр жай дараметин натыйжалуу колдонуу.

• Баңгизатты контролдоо, экологияны коргоо жана курчап турган чөйрөнү сактоо, ЭКУнун региондорунун элдеринин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды бекемдөө боюнча регионалдык кызматташтык.

• Регионалдык жана эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу кызматташтык.

ЭКУнун алкагында кызматташуу мүчө-мамлекеттердин суверендүү теңдик, өз ара сыйлоо жана өнөктөштүк принциптерине негизделет. ЭКУнун негизги милдеттери өз ара пайдалуу ички регионалдык экономикалык кызматташтыкты жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспекттери боюнча өз ара жардамды жөнгө салуу жолу менен чарба мамилелеринин дүйнөлүк системада мамлекеттердин региондорунун экономикалык өнүгүүсү, ырааттуу жана этабы менен интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүсү менен түшүндүрүлөт.

ЭКУнун алкагында кызматташуунун базалык багыттарынын арасында, Кыргыз Республикасы үчүн эң маанилүү болуп соода жана инвестиция, транспорт жана коммуникация, энергетика эсептелет.

Кыргыз Республикасы ЭКУну кеңири региондун өлкөлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарынын жалпы негизинде жана УЮмдун мүчөлөрү менен эки тараптуу маилелерди өнүктүрүүдө ар тараптуу кызматташтык үчүн аянт катары карайт.