Ислам Кызматташтык Уюму

Ислам Кызматташтык Уюму (The Organisation of Islamic Cooperation мурдагы Ислам Конференция Уюму)- Ислам өлкөлөрүнүн эл аралык уюму.

Ислам Кызматташтык Уюмун 1969-жылы 25-сентябрда Раббат шаарында (Марокко) Мусулман өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын Биринчи жолугушуусунда, Иерусалимдеги Мусулмандардын ыйык «Аль-Акса» мечитине карышы Израил бийлигинин чагымчыл иш аракеттерине жооп иретинде түзүү чечими кабыл алынган. Демилгени Сауд Арабия Падышасы Фейсал бин Абдел Азиз Аль Сауд жана Марокко Падышасы Хасан II көтөргөн.

Алгач ИКУнун курамына 25 Азия жана Африка өлкөлөрү менен Палестинаны бошотуу уюму кирген. ИКУ Бириккен Улуттар Уюмунун саясий тармагына бирдиктүү ислам фронту менен кирүүдө, мусулман мамлекеттеринин исламдык тилектештикти камсыздоо үчүн курулган. ИКУнун учурдагы аракеттери мусулман мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык аренада биргелешип катышуу, мүчө-өлкөлөрдүн стабилдүү өнүгүүсүнө жетишүүгө багытталган.

Азыркы учурда өтө таасирдүү же 1,5 млрд тегерегинде калкы бар, 56 мусулман өлкөлөрүн бириктирген, БУУдан кийинки дүйнөдөгү калкынын саны жагынан жана география боюнча экинчи орунда турган Ислам эл аралык уюмуна айланды. ИКУга мүчө-өлкөлөр: Азербайжан, Албания, Алжир, Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Бенин, Бруней, Буркина-Фасо, Габон, Гайана, Гамбия, Гвинея, Гвинея-Бисау, Джибути, Египет, Индонезия, Иордания, Ирак, Иран, Йемен, Казакстан, Камерун, Кыргызстан, Катар, Комор аралдары, Кот-д Ивуар, Кувейт, Ливан, Ливия, Мавритания, Малайзия, Мали, Мальдив, Маракко, Мозамбик, Нигер, Нигерия, Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Пакистан,Палестина, Сауд Арабия, Сенегал, Сирия (мүчөлүгү убактылуу токтотулган), Сомали, Судан, Суринам, Сьерра-Леон, Тажикстан, Того, Тунис, Туркменстан, Турция, Уганда, Өзбекстан, жана Чад.

         Байкоочу Өлкөлөр

         Босния жана Герцеговина Босния жана Герцеговина (1994)

         Борбордук Африкалык Республикасы (1996)

         Таиланд (1998)

         Россия (2005)

         Түндүк Кипр Түрк Республикасы (1979)

         Байкоочу Эл аралык уюмдар

         БУУ (1976)

         Кошулбастык кыймылы(1977)

         Араб мамлекеттер лигасы(1975)

         Африка Союзу(1976)

         Экономикалык кызматташтык уюму(ЕСО) (1995)

         Башка уюмдар

         Моро Улуттук боштондук фронту (1977)

         ИКУнун мүчө мамлекеттердин парламенттик союзу (2000)

2005-жылдын ноябрь айында, ИКУну реформалоо жана жаңы ишмердүүлүк принцибин жарыялоого Сауд Арабия Падышасы тарабынан Мекке Саммити чакыртылган. 2008-жылдын 14-мартында Сенегалдын борбору, Дакарда Уюмдун 11-Саммитинде ИКУнун жаңы уставы бекитилген. 2011-жылдын 28-июнунда Астанада өткөн Ислам Конференция Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин 38-сессиясынын чечиминде, Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) болуп аты өзгөртүлгөн.

ИКУнун башкаруу органдары: падышалар, мамлекет жана өкмөт башчылары кеңеши (саммит), тышкы иштер министрлер кеңеши (ТИМК), Башкы катчылык жана жардамчы органдар.

Падышалар, Мамлекет жана Өкмөт башчылар кеңеши (саммит) үч жылда бир жолу өтүүчү мусулман мамлекеттеринин жалпы саясатын аныкташат.

Тышкы иштер министрлер кеңеши жыл сайын өтөт, же мүчө мамлекеттердин демилгеси боюнча кезексиз сессияга чакыртылат.

Тышкы иштер министрлер кеңеши төрт жылдык мөөнөткө шайлаган, Башкы катчы жетектеген Башкы катчылык ИКУнун аткаруу органы болуп саналат. Башкы катчынын ыйгарым укуктарын кошумча бир гана мөөнөткө узартууга мүмкүн. Башкы катчынын төрт орун басары болот, алар: саясий маселелер боюнча, илим жана технологиялар боюнча, экономикалык маселелер боюнча, социалдык, маданий жана маалыматтык маселелер боюнча орун басарлар. Алардан тышкары, орун басарларында катчылыктын техникалык ишин уюштуруу үчүн кабинет директору бар.

Башкы катчылыктын курамында бир нече бөлүмдөр иштейт: социалдык-экономикалык, илим жана технологиялар боюнча, Азия иштери боюнча, Африка иштери боюнча, эл аралык маселелер боюнча, маалымат, адам укуктары жана диний азчылыктар иши боюнча, мусулман иштери боюнча бей өкмөт уюмдары жана башкалар.

2005-жылдын январь айынан баштап 2013-жылдын 31-декабрына чейин ИКУнун Башкы катчысы кызмат ордун Экмеледдин Ихсаногулу ээлеген.

2013-жылдын февраль айынан 2016-жылдын ноябрына чейин ИКУну мурдагы Сауд Арабиянын Маданият жана маалымат министри Ияд Мадани башкарган.

2016-жылы ноябрда Ияд Маданини Сауд Арабиянын мурдагы Социалдык маселелер боюнча министри Юсеф Аль-Усейминге алмаштырган.

ИКУнун алдында анын ишмердүүлүгүн жана конференцияларынын жана ишмердүүлүгүнүн чечимдеринин негизинде бир катар өз алдынча уюмдар иштейт.

ИКУнун жардамчы органдары:

         Ислам өлкөлөрүнүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөө борбору (SESRIC-Анкара, Түркия);

         Ислам тарыхы, искусство жана маданий илим-изилдөө борбору (IRCICA-Стамбул, Түркия);

         Ислам технологиялык университети (IUT-Дакка, Бангладеш);

         Соода өнүктүрүү ислам борбору (ICDT-Касабланка, Марокко);

         Эл аралык Фикх ислам академиясы (IIFA-Жидда, САП);

         Ислам тилектештик фонду (ISF-Жидда, САП);

         ИКУнун атайын органдары:

         Ислам Өнүктүрүү Банкы (IDB – Жидда, САП);

         Билим берүү, илим жана маданий маселелер боюнча ислам уюму (ISESCO – Раббат, Марокко);

         Ислам эл аралык жаңылыктар агенттиги (IINA – Жидда, САП);

         Эл аралык Жарым ай ислам комитети (ICIC – Бенгази, Ливия);

         Технологиялык жана инновациялык илимдер боюнча уюму (STIO – Исламабад, ПИР);

         ИКУга тиешелүү органдар:

         Соода, өнөр-жай жана айыл чарба ислам комитети (ICCIA – Карачи, ПИР);

         Ислам борборлору жана шаарлары уюму (OICC –Жидда, САП);

         Ислам тилектештик спорт федерациясы (ISSF – Эр-Рияд, САП);

         Бүткүл дүйнөлүк араб-ислам эл аралык мектеп федерациясы.(WFAIIS – Каир, ЕАР);

         Кеме ээлеринин ислам ассоциациясы (OISA – Жидда, САП);

         Кызматташтык жана диалог үчүн жаштар форумунун ислам конференциясы (ICYF-DC –Стамбул, Түркия);

         Ислам өлкөлөрүнүн консультанттар федерациясы (FCIC – Стамбул, Түркия);

         Бүткүл дүйнөлүк ислам илимдер академиясы (IAS – Амман, Иордания);

         Ислам банкы жана финансылык мекемелердин башкы кеңеши (CIBAFI);

         Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институту (SMIC-Стамбул, Түркия);

         Малайзия эл аралык ислам университети (IIUM);

         Ислам өлкөлөрүнүн салык органдар ассоциациясы (ATAIC - Судан);

         Туруктуу комиттеттери:

         Аль-Кудс боюнча комитет (Раббат, Марокко);

         Маалыматтык жана маданий маселелер боюнча туруктуу комитети (COMIC – Дакар, Сенегал);

         Экономика жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитети (COMCEC – Анкара, Түркия);

         Илимий техникалык кызматташтык боюнча туруктуу комитети (COMSTECH – Исламабад, ПИР);