Бириккен Улуттар Уюму

1992-жылдын 2-мартында Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында БУУга бир добуштан кабыл алынган. БУУга. БУУга кирүү ниетин эл аралык коомчулуктун башка өкүлдөрү менен өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын таанытуу үчүн жана алар менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарын коргоого, БУУнун ишмердигине татыктуу салымын кылууга, анын ичинде дүйнөлүк тынчтыкты, ынтымакты жана прогрести бекемдөөгө байланыштуу болгон.

Кыргызстандын БУУну кадыр-барктуу жана универсалдуу эл аралык уюм катары эсептейт. БУУ тынчтык жана коопсуздук маселелерин чечүү, башка элдердин арасында достук мамилелерди өнүктүрүү, өнүгүү маселелерин чечүү боюнча кызматташууну жүзөгө ашыруу, жакырчылыкты масштабдарын кыскартуу, адам укуктарын тутуу, айлана-чөйрөнү коргоо, оору жана башка көптөгөн кыйынчылыктар жана адамзаттын көйгөйлөрү менен күрөшүү үчүн борбору болуп эсептелет.

БУУ менен кызматташтыкта тышкы саясатында ошондой эле өлкөнүн ички саясатында мамлекеттин кызыкчылыктарына толугу менен татыктуу болгон төмөнкү багыттарга бекемдөөгө басым көӊүл бурулат: 1) Саясий чөйрөдө кызматташуу; 2) Социалдык-экономикалык чөйрөсүндө жана туруктуу өнүктүрүү тармагындагы кызматташуу; 3) Маданий-гуманитардык чөйрөсүндө кызматташуу; 4) Адам укуктары.

Кыргызстан мүчөлүгүнүн башынан бери республикасынын саясий, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарына, өзүнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү демилгелерди бир нече жолу айтып чыккан. Бул демилгелердин санына төмөнкүлөрдү кошсо болот: года токтому «Манас» эпосунун миӊ жылдыгын эскерүү» (1995-ж.), «Ош шаарынын 3000-жылдыгы» (2000-ж.), «Эл аралык Тоолор жылы» (2002-ж.), 2003-жылдын - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы жарыялоо жөнүндө - анын 2200 жылдыгына карата, "Тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү" (2005-ж.), «Афганстан жана аймактык экономикалык кызматташтык: Борбордук Азия, Иран жана Пакистан» аттуу эл аралык конференциясын Бишкекте өткөрүүсү (2004-ж.), Борбордук Азияда ядердик куралдардан эркин зона түзүү сунушу (1997-ж.), 20-февралын Социалдык адилеттүүлүктүн эл аралык күнү деп жарыялоо (2007-ж.).

2016-жылдын 22-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-пленардык жыйынында «Тынчтык үчүн диндер жана маданияттар аралык диалогду, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу колдоо» аттуу резолюция кабыл алган, резолюцияда Ысык-Көлдө (2016-ж. 3-10-сентябры) маданияттар аралык диалогду, социалдык биримдикти бекемдөө, тынчтыкты жана өнүгүүнү алдыга жылдыруу үчүн өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салымы кабыл алынды.

2017-жылы КР уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча иш-аракеттердин жаңы этабына жетүү үчүн БУУнун БАнын 2013-ж. 20-декабрынан № 68/218 «Борбор Азиядагы радиация коркунучтун алдын алуудагы эл аралык коомчулуктун ролу» аттуу Резолюциясын жаӊылатуу демилгеси менен кайрадан айтып чыккан.

Кыргызстан бир нече жолу БУУнун ар кандай шайлануучу органдарына жана адистештирилген мекемелердин жетектөөчү түзүмдөрүнө анын санында БУУнун БАнын Башкы комитетине, БУУнун АУКуна, ЮНЕПтин Жетекчилеринин кеӊешине, Конференциялар боюнча комитетине, БУУӨП/ЮНФПАнын Аткаруу кеӊешине, Баӊги заттар боюнча комиссиясына, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана кылмыштуу иштер боюнча сот комиссиясына, Аялдар абалы боюнча комиссиясына, Туруктуу өнүгүү туруктуу комиссиясына, Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча комитетине, Эл аралык телебайланыш союзуна, Эл аралык электрбайланыш союзунун Радиорегламентардык комитетине, ЭКОСОС жана материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетине шайланган.

КР 2016-2018 жылдан бери БУУнун Адам укуктары боюнча кеӊешинде мүчөсү болуп келген, Кыргызстан 2017-жылдын апрелинде Баӊги заттар боюнча комиссиясынын 2018-2021-жж. мезгилине мүчөсү болуп шайланган.Азыркы учурда Кыргызстан 2027-2028-жж. мезгилине БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин Туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин алдыга койду жана тиешелүү иш жүргүзүүдө.

КРдын көз карандысыздык жылдарында, БУУнун системасынын адистештирилген мекемелери, уюмдары жана программалары, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП), БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Калк фонду (ЮНФПА), «БУУ-Аялдар» Түзүмү, БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (КИЖКБ), Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (АУЖКБ), БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БЗКБ), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана башкалар КРда өкүлчүлүктөрүн ачышкан.

Кыргызстан БУУнун тынчтык орнотуу операцияларына активдүү катышып, 1998-жылдан бери 150гө жакын өзүнүн өкүлдөрүн (КРнын аскердик жана укук коргоо органдары) ар түрдүү БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына жиберип келет.

БУУнун жетекчилиги менен саясий диалог туруктуу негизде жүргүзүлөт. Ошентип, ар кайсы жылдардан Кыргызстанга БУУнун баш катчылары Кофи Аннан – 2002-ж., Пан Ги Мун - 2010-ж. жана 2015-ж., А.Гутерриш – 2017-ж. сапарлары болуп өткөн.