Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укуктук департаментинин Башкы директору Бехзад Сабери Ансари менен жолугушту

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРнын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укуктук департаментинин Башкы директору Бехзад Сабери Ансаринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн күндөн тартып 30 жыл аралыгында 100 дөн ашуун ар кандай тармактардагы эл аралык келишимдерди камтыган салмактуу келишимдик-укуктук база түзүлгөндүгүнө канааттануу билдиришти.

Кыргызстандын Ирандагы Элчиси энергетика, бажы, дене тарбия жана жаштар тармактарында 10 жаңы документтердин долбоору азыркы убакта эки тараптын кароосунда экендигин жана кыргыз тараптын эки мамлекеттин ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарындагы жаңы долбоорлорду карап чыгууга даярдыгын билдирди.

Ошондуктан, Элчи Турдакун Сыдыков иран тарапка келишимдик-укуктук базаны инвентаризациялоо боюнча биргеликте иш алып барууну сунуштады жана бул иш-аракеттер келишимдердин практикалык ишке ашуусуна, ошондой эле алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын мазмундуу бөлүгүн даярдоого реалдуу негиз болорун баса белгиледи.

Өз кезегинде, ИИРнын ТИМнин Эл аралык укуктук департаментинин Башкы директору Б.Сабери Ансари кыргыз тараптын сунушун колдоп Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана кеңейтүү боюнча биргеликте иш алып барууга иран тараптын даярдыгын билдирди.

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирүү маселесинде колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасына ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK