Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Латвия Республикасынын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту

Швеция Королдугунун Стокгольм шаарында ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Латвия Республикасынын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасоо менен кыргыз-латвия мамилелеринин негизги маселелерин талкуулашты. Министр Э.Ринкевичс Кыргызстанга 2022-жылдын башында иш-сапары менен келип кетүү ниетин тастыктады.

Соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Тараптар ошондой эле ар кандай эл аралык аянтчаларда бири-биринин демилгелерине колдоо кɵрсɵтүү ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK