Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) директору Маттео Мекаччи менен жолугушту

2021-жылдын 3-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) 28-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) директору Маттео Мекаччи менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктарын талкуулоо болду. Министр Р.Казакбаев ЕККУнун ДИАУБ байкоочуларынын миссиясына жана М.Мекаччиге парламенттик шайлоолордун мониторинг жана объективдүү алдын ала баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз тарабы эл аралык миссиясынын байкоочуларынын корутунду отчетун карап чыгуу жана андан ары шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын маалымдады.

Тышкы саясат ведомствосунун башчысы отчетто көрсөтүлгөн бардык сунуштар өлкө жетекчилигинин көзөмөлүнө алынаарын билдирди, ал болуп өткөн шайлоолордун бардык талаш-тартыш жана резонанстуу маселелери боюнча коомчулукка кылдат жана транспаренттүү текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Бул контекстте Министр Р.Казакбаев ДИАУБнын директорун тегерек столдун алкагында бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиянын корутунду отчетту презентациялоо үчүн кийинки жылы Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, ДИАУБнын директору 2022-жылы Кыргыз Республикасына келип кетүүгө даяр экендигин билдирип, бул демократиялык институттарды өнүктүрүү маселелери боюнча ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы диалогго жакшы дем берээрин белгиледи. Ал өзгөчө жаңы шайланган парламент менен жумушчу байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ошону менен бирге Кыргызстандын мыйзамдык базасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгɵ жана ревизия жүргүзүү боюнча эксперттик жардам көрсөтүүнү сунуштады. Кыргыз Республикасында президенттик башкаруу формасында парламенттин ролуна ЕККУ/ДИАУБнын талдоо жүргүзүү ниетин кошумча белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK