ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМдеринин юридикалык кызматтарынын өкүлдөрүнүн Уюмдун укуктук базасын инвентаризациялоо жана башка укуктук маселелер боюнча консультациялары өткөрүлдү

2022-жылдын 18-19-январында Ташкент шаарында ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин аянтчасында, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын өкүлдөрүнүн кезектеги Уюмдун укуктук базасын инвентаризациялоо жана башка укуктук маселелер боюнча консультациялары өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар укуктук базаны инвентаризациялоо маселелерин, анын ичинде ШКУнун алкагында эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду ишке ашырууну талкуулашты. Аны менен катар, ШКУнун алдындагы байкоочу статусун укуктук жактан жөнгө салуу, ШКУнун укуктук базасын өнүктүрүү, Уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында, анын фундаменталдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча,  ошондой эле кыргыз тараптын демилгеси менен ШКУнун алкагында эл аралык келишимдердин электрондук базасын түзүү боюнча талкуулар улантылды.

Консультацияларга ШКУга мүчө мамлекеттердин, ШКУнун Катчылыгынын жана ШКУ ААТнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK