КР ТИМинин Москвада кран кулап түшүп, анын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жараны тууралуу маалыматтык билдирүүсү

Россия жана Кыргызстандын ЖМКларында тарап жаткан Москвада кран кулап түшүп, анын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жараны тууралуу маалымат боюнча Министрлик төмөнкүнү билдирет: 

КРнын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны кран басып калып каза болгондугуна байланыштуу Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге кетти.

Элчилик Россиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясына КРнын жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдоду.

Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда.
Бул окуя Министрликтин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK