Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан элинин Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Марат Азилханов менен жолугушту

2022-жылы 30-июнда Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан элинин Ассамблеясынын (КЭА) төрагасынын орун басары Марат Азилханов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Казакстандын улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндөгү кырдаалды, ошондой эле Казакстан элинин ассамблеясы менен Кыргызстан элинин ассамблеясы ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында казак тарап Казакстанда кыргыз тилин, «Манас» эпосунун тарыхый мурастарын, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын кеңири жайылтуу, ошондой эле маданий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Ассамблеянын аянтчасын берүүгө даяр экендигине ишендирди. Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын күз айына белгиленген Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча иш-чаралардын алкагында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK