Президент Садыр Жапаров Армениянын Президенти Ваагн Хачатурянга Еревандагы жарылуу учурунда адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурянга “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Армения Республикасында “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыркагандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм” - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK