КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу EXPOTRAVEL-2022 эл аралык туристтик көргөзмөгѳ катышты

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2022-жылдын 30-сентябрынан 1-октябрына чейин Россиянын Свердлов облусунун борборунда өткөн EXPOTRAVEL-2022 эл аралык туристтик көргөзмөгѳ катышты.

Бул көргөзмөдө Башкы консулдук «Кыргызстанды» жарнамалоо аянтчасын түзүү ишин уюштуруп, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын тааныштырды. Ошондой эле, Кыргызстандын ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин жана туристтик компанияларынын жарнамалык буклеттери таратылып, монитор аркылуу өлкөбүздөгү кышкы, жайкы, ден соолукту чыңдоочу жана туризмдин башка түрлөрүн өнүктүрүү жөнүндөгү видеороликтерди, тоо лыжа курортторун жана Ыссык-Көлдүн алдыңкы санаториялары көрсөтүлдү.

Кыргыз саламаттык сактоо мекемелеринин бир канча өтүнүчү боюнча жаңы ишкердик байланыштар түзүлүп, россиялык туристтик фирмалардын өкүлдөрүнө кызматташуу боюнча сунуштар берилди.

Урал туризм ассоциациясы EXPOTRAVEL-2022 көргөзмөсүн уюштуруп, күзгү-кышкы туристтик сезондорун  салттуу түрдө ачат. Бул жылы катышуучулардын катарына чет өлкөлөрдүн дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү, Россиянын региондору, орус жана чет өлкөлүк туроператорлору менен мейманканалары, ошондой эле туристтик тармактын башка өкүлдөрү катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK