КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Корея Республикасынын КРдагы Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту

2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, министр Ж.Кулубаевдин 2022-жылдын 23-25-октябрында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылга кызматташууну өркүндөтүү пландарын талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Молдогазиев саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты стимулдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, гранттык жана техникалык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

Ли Вонджэ өз кезегинде корей тарап үстүбүздөгү жылы бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди уюштурууга кызыкдар экенин белгилеп, ошондой эле экономикалык чөйрөдөгү мамилелер жигердүү өнүктүрүү максатында Кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындарын жыл сайын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK