КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Монголиянын КРдагы Элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту

2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду бекемдөө жана өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-отурумунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, тактап айтканда, айыл чарба, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, транспорттук коммуникациялар, IT технологиялары, экология ж.б. тармактарда кызматташууну арттырууга тараптар кызыкдар экендиги белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK