Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жүрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча кыргыз-казак консультациясы болуп өттү

2023-жылдын 30-мартында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында чет элдик жарандардын Казакстан Республикасынын аймагына кирүү жана жүрүүлөрүнүн жаңы эрежелерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жүрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча кыргыз-казак консультациясы болуп өттү.

Кыргыз делегациясы КР ТИМдин орун басары А.К.Имангазиев тарабынан жетектелип, анын курамына КРдин Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.С.Дюшекеев, КРдин Алматы шаарындагы Башкы консулу Н.Т.Арипов, ошондой эле КР ТИМдин жана КР ИИМдин жооптуу кызматкерлери кирди. Өз кезегинде казак тараптын делегациясы Казакстан Республикасынын ТИМнин орун басары К.К.Тумыштын жетектөөсүндө катышты.

Консультациянын жүрүшүндө, тараптар Казакстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаңыдан киргизилген миграциялык өзгөрүүлөрдүн контекстинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн практика жүзүндө жарала турган кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелеринин жогорку деңгээлин эске алуу менен, биринчи кезекте бир туугандык жана жакшы коңшулук маанайдагы кызматташууга негизделген, ошондой эле эки өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен кыргыз тарап бул маселени кароону сунуштады. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында болушун жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, казак тарапка Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңыдан киргизилген механизмдерди кийинки консультацияларга жана тараптардын өз ара алгылыктуу чечими иштелип чыкканга чейин токтото туруу сунушталды.

Өз кезегинде казак тарап мүмкүн болгон жумшартуу механизмдерин карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн компетенттүү түзүмдөрүнүн ортосундагы учурдагы каналдар аркылуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK