Элчи Э.Бейшембиев "Gerry's Group" компаниясынын корпоративдик жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору М.Жамил мырза менен жолугушту

2020-жылдын 18-сентябрында, Исламабад шаарында Элчи Э.Бейшембиев "Gerry's Group" компаниясынын корпоративдик жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Мохсин Жамил мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, туристтик потенциалды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу контекстинде Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Gerry's Group компаниясы авиациялык тамактануу жана жүк ташуу жагынан Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларына бир катар артыкчылыктарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Gerry's Group авиациялык кызматтардын кеңири түрүн сунуш кылган алдыңкы эл аралык компания. Пакистандагы Gerry's Group ЕС, ДБ, АКШ, Канада, Кытайдан келген 11 ири эл аралык авиакомпанияларды тейлейт жана 1989-жылдан бери FedExтин Пакистандагы расмий өкүлү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK