Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу маселени талкуулады

2023-жылдын 28-мартында министрдин орун басары А.Молдогазиев АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансы корпорациясынын (DFC) Индо-Тынч океан саясаты башкармалыгынын башчысы Мередит Поппер айым менен жолугушту. 

Жолугушууда тараптар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансы корпорациясы (DFC) менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Ушул эле күнү, министрдин орун басары А.Молдогазиев АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия боюнча улук директору Николас Берлинер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана натыйжалуу кызматташуунун мындан аркы перспективалары боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара ниетин жана даяр экендиктерин ырасташты.

29-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администраторунун жардамчысынын орун басары Анджали Каур менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, АКШнын катышуусу менен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун башка маанилүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Молдогазиев АКШнын соода өкүлүнүн Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөр боюнча орун басары Брендан Линч менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын, ошондой эле АКШнын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода жана инвестиция боюнча алкактык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын АКШ менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK