Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Элчиси «SEEDON» компаниясынын президенти баштаган кореялык делегация менен жолугушуп, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

2022-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова SEEDON компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза баштаган кореялык делегация менен жолугушуп, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы айыл чарба долбоорлорун талкуулады. Тараптар Кыргызстандын жашылча үрөөнүн өстүрүү боюнча потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашышты. Компания Кыргызстан менен 2012-жылдан бери кызматташып, пияз өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.

Компаниянын ошондой эле 8 өлкөдө кеңселери бар. Учурда компания айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы өнүктүрүүгө расмий жардам долбоорлорун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK