КРнын Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору жана германиялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

2023-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин катышуусунда КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору жана Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар германиялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга төмөнкү компаниялардын өкүлдөрү катышты: «Claas» (айыл чарба техникасынын негизги өндүрүүчүсү), «Deutsche Bahn» (Германиянын темир жолу), «Berlin Economics», «Messe Berlin», «Agribusiness Alliance» (айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай компанияларынын ассоциациясы) жана «Malcon Investment&Projects».

Жолугушууда У.Темиралиев немис компанияларына энергетика, айыл чарба, туризм, IT индустрия, медицина жана инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлордун жана аларды ишке ашыруу механизмдин презентациясы менен Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен тааныштырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK