Иордания Королу Абдулла II Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Иордания Хашимат Королдугунун Королу Абдулла II Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Иордания Хашимат Королдугунун эли жана Өкмөтү чын дилдеги куттуктоолорун билдирет. Менин эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыздар, сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган элге мындан ары дагы өсүп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK