Афганистан Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо айт мусулмандарга ыйык рамазан айынын аякташы болуп саналат. Мусулмандардын бардык жакшы иш-аракеттери менен ибадаттарынын Алла Таала тарабынан кабыл болушун тиленүү менен баардык мусулман жамааттарына биримдик, өнүгүү жана көйгөйлөрүнүн чечилишин каалайм. Сизге чың ден соолук, бир тууган Кыргыз Республикасынын элине өсүп-өнүгүү жана бейпил турмуш тилейм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK