Элчи А.Джекшенкулов Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Жалали менен жолугушту

2020-ж. 11-сентябрында Иран тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Жалали менен жолугушту.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштардын  учурдагы абалын талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу учурдагы кырдаал боюнча сүйлөштү.

Элчи А.Джекшенкулов Иран тарабынан Кыргызстанга пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK