Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамар Афтаб Куреши менен жолугушту

2021-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамар Афтаб Куреши менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи У.Тотуяев ушул жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Пакистандын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А. Куреши ушул жылдын 17-декабрында Исламабадда Сауд Аравия Королдугунун демилгеси менен Ооганстандагы гуманитардык кризис темасына арналган Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз сессиясы өтөрүн билдирди.

Тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуу маселелерин, Ооганстандын айланасындагы жана ичиндеги кырдаалды талкуулашты. Алар Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK