Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Азия өлкөлөрүнүн Түркия Республикасында аккредиттелген Дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту

2022-жылдын 13-октябрында Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Азия өлкөлөрүнүн Түркия Республикасында аккредиттелген Дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, тактап айтканда Түштүк Корея, Япониянын, Брунейдин, Сингапурдун, Индонезиянын, Филиппиндердин, Таиланддын Элчилери жана Малайзиянын Элчисинин орун басары менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Өмүралиев кесиптештерине Кыргыз Республикасы жөнүндө, өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арасында болгон окуяларга байланыштуу аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча кеңири маалымат берди.

Элчи Өмүралиев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоодо Кыргыз Республикасына колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Ушуну менен бирге, 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK