Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашты

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 30-январынан 5-февралына чейин топографиялык жумушчу топторунун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү. 

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. 

 Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.  

 Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 

  • Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK