Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспортту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту алуу жана алмаштыруу

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери аркылуу, колдонуу мөөнөтү бар убактылуу жашоо документи, узак мөөнөттүү визасы жана башка тийиштүү документтери болгон, Элчиликте, Башкы консулдукта, Элчиликтин Канцеляриясында консулдук эсепте турган Кыргыз Республикасынын жарандары алуусу жана алмаштыруусу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери аркылуу жалпы жарандык паспорт алуу үчүн  жарандардын электрондук анкетаны толтуруу, сүрөткө тартуу, биометрикалык маалыматтарды аныктоо/алып салуу жана электрондук кол тамга коюу үчүн жеке катышуусу зарыл. Бул учурда, төмөнкү документтер берилет:

- АМС аркылуу чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан толтурулуучу анкета-арыз;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт).

 

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкүдөй документтер берилет:

 

1) 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:

- 16 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана колу коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат).

Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, апостиль коюлган же легалдаштырылган макулдугун берүү зарыл, эгерде бул жол-жобо Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен каралса;

 

2) 16 жашка чыккан адам кайрылганда:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

 

3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

а) визалык белгилер үчүн беттери бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу же жалпы жарандык паспортко туура эмес жазуулардын киргизилгендиги аныкталса:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк, никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк, аялынын (күйөөсүнүн) өлгөнү тууралуу күбөлүк;

в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:

- бузулган, алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө ведомстволук бөлүнүшкө суроо-талап жиберет;

 

4) арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:

- жалпы жарандык паспорт;

 

5) жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткенде:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө ведомстволук бөлүнүшкө суроо-талап жиберет.

Анкета-арызды толтурууда чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан арыз ээсинин бети фотосүрөткө тартылат.

 

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) алуу үчүн жарандардын электрондук анкетаны толтуруу, сүрөткө тартуу, биометрикалык маалыматтарды аныктоо/алып салуу жана электрондук кол тамга коюу үчүн жеке катышуусу зарыл. Бул учурда, төмөнкү документтер берилет:

- анкета-арыз, аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери АМС аркылуу тариздейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).

 

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:

 

1) 16 жашка толгондо:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;

Арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн;

 

2) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:

- алмаштырылып жаткан паспорт;

 

3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда:

а) паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча:

- алмаштырылып жаткан паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу:

- алмаштырылып жаткан паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

 

4) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда:

- алмаштырылып жаткан 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду;

 

5) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:

- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРда маалымат болбосо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери мурда берилген паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерет;

 

6) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:

- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

КБМРда маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.

 

Жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт;

 

7) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:

- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы.

 

Паспорт алуу/ алмаштыруу үчүн консулдук жыйым 30 долларды түзөт