КРнын визаларын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө Нускама

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө
НУСКАМА

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөдөгү мекемелери), алар болбогон учурда башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларын) (мындан ары - виза) тариздөө тартибин аныктайт.

2. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача тартип каралбаса, чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө визасы болгон учурда жарактуу документ боюнча уруксат берилет.

4. Ушул Нускамада колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөө боюнча функцияларды ишке ашыруучу ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин (мындан ары - ККД) түзүмдүк бөлүмү;

визалык пункт - чет мамлекеттин тийиштүү аймагынын чегинде визаларды тариздөө боюнча функцияларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;

визалык анкета - кагаз же электрондук түрдө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;

визалык чаптама - ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык таризделген, арыз ээсинин жарактуу документине чапталуучу визалык бланк;

кирүү/чыгуу визасы - Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгып кетүү үчүн таризделүүчү виза;

чыгуу/кирүү визасы - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кайра кирүү үчүн таризделүүчү виза;

визалык колдоо - чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча ТИМ тарабынан таризделген чакыруу;

арыз ээси - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам;

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриялары (бөлүмдөрү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, визалык пункт;

Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирген/чыккан адамдарды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө визаларды жана уруксаттарды, туруктуу же убактылуу жашап турууга уруксаттарды берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында болгон (жашаган) жери аркылуу каттоо боюнча маалыматтык система;

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;

ТИМ органдары - ККД, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - ТИМдин ЫУӨ), мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункт жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери;

визаны тариздөө - ТИМ органдары жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери, алар болбогон учурда башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларын) документтик тариздөө жана берүү жол жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттер;

"Электрондук виза" порталы - расмий интернет-сайт, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө өтүнмөлөр берилет;

жарактуу документ - бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдар тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө таризделген жана ага ыйгарым укук берилген органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок, ким экендигин ырастоочу документ;

чакыруучу тарап - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, эл аралык уюм жана анын өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар;

өз ара түшүнүү принциби - макулдашуунун негизинде эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды тариздөө учурунда эки жакка бирдей берилүүчү шарттар;

жумушка уруксат - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүүгө укугун далилдей турган белгиленген үлгүдөгү документ;

визаны колдонуу мөөнөтү - визаны колдонуунун башталган жана бүткөн датасы, ушул мезгил ичинде чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына(н) келүүгө/кетүүгө укугу бар;

жүрүү мөөнөтү - колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында виза боюнча Кыргыз Республикасында жүрүүгө мүмкүн болгон күндөрдүн саны;

электрондук виза - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок жактарга ККД тарабынан электрондук тартипте берилүүчү, ошондой эле Интернет электрондук тармагы аркылуу алынган, атайын окула турган коду бар, статусу боюнча визага теңдештирилген Кыргыз Республикасы тааныган документтик ырастама, анын колдо болушу жарактуу документ менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан кетүүгө жана транзиттик өтүүгө уруксат берет.

QR - код - машина окуй турган оптикалык белги, ал өзү байланган объект жөнүндө маалыматты камтыйт.

5. Визалар төмөнкү категорияларга жана типтерге бөлүнөт:

- дипломатиялык виза ("diplomatic visa") - "D" тиби;

- кызматтык виза ("official visa") - "О" тиби;

- инвестициялык виза ("investment visa") - "I" тиби;

- эмгек виза ("employment visa") - "W1" жана "W2" типтери;

- окуу виза ("study visa") - "S" тиби;

- ишкердик виза ("business visa") - "В" тиби;

- айдоочулук виза ("driver's visa") - "Т" тиби;

- мейман виза ("guest visa") - "G" тиби;

- туугандар виза ("relatives visa") - "RL" тиби;

- мекен виза ("meken visa") - "М" тиби;

- туристтик виза ("tourist visa") - "ТS" тиби;

- тоо туризми үчүн виза ("visa for mountain tourism") - "МТ" тиби;

- диний виза ("religion visa") - "R" тиби;

- үй-бүлөлүк виза ("family visa") - "F" тиби;

- транзиттик виза ("transit visa") - "ТR" тиби;

- чыгуу виза ("leave visa") - "L" тиби.

6. Канча жолу сапар тартышына жараша визалар төмөнкүдөй бөлүнөт:

- бир жолку (Бир жолку/Single), Кыргыз Республикасына бир жолу келип-кетүү үчүн берилүүчү визалар;

- көп жолку (Көп жолку/Multiple), Кыргыз Республикасына бир нече жолу келип кетүү үчүн берилүүчү визалар.

7. Визаларды жана визалык колдоону тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте акча каражаттары алынат.

8. Визаларды тариздөө мөөнөтү бул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтер алынган күндөн тартып 7 иш күндөн жана электрондук визалар үчүн 5 иш күндөн ашпайт.

9. Визалык колдоонун мөөнөтү, аны кайрадан колдонуу укугу каралбаган негизде, таризделген күндөн тартып 30 күндү түзөт.

Визаны тариздөө орду өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу визалык колдоо кайра жиберилген учурда бул мөөнөт жаңыртылбайт.

10. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан арыз ээсине төмөнкү категориядагы жана типтеги визалар таризделет:

- дипломатиялык виза ("diplomatic visa") - "D" тиби;

- кызматтык виза ("official visa") - "О" тиби;

- инвестициялык виза ("investment visa") - "I" тиби;

- эмгек виза ("employment visa") - "W1 " жана "W2" типтери;

- окуу виза ("study visa") - "S" тиби;

- туугандар виза ("relatives visa") - "RL" тиби;

- мекен виза ("meken visa") - "М" тиби;

- диний виза ("religion visa") - "R" тиби;

- үй-бүлөлүк виза ("family visa") - "F" тиби;

- чыгуу виза ("leave visa") - "L" тиби;

- транзиттик виза ("transit visa") - "ТR" тиби.

11. Кыргыз Республикасында жүрүүнүн мөөнөтүн жана эрежелерин бузган жактарга ТИМ ККД жана ТИМдин ЫӨ тарабынан чыгуу визасы таризделет.

Мындай арыз ээлерине карата эреже бузуучулар тууралуу маалымат базасы түзүлөт.

Маалымат ТМЭБС аркылуу тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан эреже бузуучулар тууралуу маалымат базасына киргизилет.

Ошондой эле маалымат базасына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө уруксат берилбеген арыз ээлери жөнүндө маалымат киргизилет.

12. ТИМ органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери визага кол коюу укугуна ээ.

ТИМдин бардык тийиштүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол коюлган үлгүлөрү жана басылган мөөрлөрү Кыргыз Республикасынын миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны коргоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.

2. Визалардын категориялары, типтери жана колдонуу мөөнөттөрү

13. Дипломатиялык виза ("D" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча келген, дипломатиялык паспорту бар чет өлкөлүк жаранга таризделет.

Дипломатиялык виза төмөнкүлөргө таризделет:

- чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларына, аларды коштоп келген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - виза 30 күндүк мөөнөткө чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык;

- чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде дипломатиялык же консулдук кызматты ээлеген адамга, Кыргыз Республикасында иммунитеттер же артыкчылыктарды колдонгон Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызмат адамына, ошондой эле алардын дипломатиялык иммунитеттер жана артыкчылыктарды колдонгон үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле багуудагы ата-энесине), - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылдык мөөнөткө чейин виза берилет;

- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерге - 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык;

Эгерде дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык дипломатиялык статусу таанылса, анда ага дипломатиялык виза таризделет.

Визаны тариздөө аккредитациянын мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт.

14. Кызматтык виза ("О" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча кирүүчү, кызматтык/расмий паспорту болгон чет өлкөлүк жаранга берилет.

Кызматтык виза төмөнкүлөргө таризделет:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча кызматтык иштери боюнча келген чет өлкөлүк жаранга 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет;

- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөсүнө, же Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле анын багуусундагы ата-энесине), эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылга чейинки мөөнөткө виза берилет;

- дипломатиялык почтаны ташуучу дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк курьерге - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет.

Эгерде кызматтык/расмий паспорту болбогон чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан анын расмий статусу таанылса, ага кызматтык виза таризделет.

Визаны тариздөө аккредитация мөөнөтүнө же бир жылга, же өз ара түшүнүү принцибинде жүргүзүлөт.

15. Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына 3 жылга чейинки мөөнөткө виза таризделет.

16. Эмгек визасы ("W1" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат алганы келген арыз ээсине таризделет. Бул виза арыз ээсине эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугусуз Кыргыз Республикасынын аймагына 60 күндүк мөөнөткө кирүүгө укук берет.

Эмгектенүүгө уруксат алганда арыз ээсине Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин ЫӨ тарабынан эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө, бирок 1 жылдан ашпаган эмгек визасы ("W1" тиби) таризделет.

Эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө берилген эмгек визасы ("W1" тиби) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттик мекемелеринде таризделиши мүмкүн.

17. Эмгек визасы ("W2" тиби) эмгектенүүгө уруксат бербей, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Эмгек визасы ("W2" тиби) миграция жана аккредитациялоо (журналисттер жана корреспонденттер үчүн) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым катынын негизинде ТИМдин өкүлчүлүгү жана Консулдук кызматы же чет мамлекеттик мекемелери тарабынан бир жылдан ашпаган мөөнөткө таризделет.

18. Окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасына келүүчү арыз ээсине окуудан өтүү үчүн 90 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.

Кыргыз Республикасынын аймагында окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелеринде окуган учурда 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

19. Ишкердик виза ("В" тиби) Кыргыз Республикасына ишкердик максатта, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар уюштурган сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген арыз ээсине 60 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.

20. Айдоочулук виза ("Т" тиби) Кыргыз Республикасына эл аралык жүк ташуу үчүн жүк ташыган автотранспорт менен келүүчү чет өлкөлүк жарандарга таризделет.

Айдоочулук виза, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкасы каралбаса, арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына болгон бир жолку сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде жүрүү шарты менен 6 айлык мөөнөткө чейин таризделет.

21. Мейман визасы ("G" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик аракет кылууга, ошондой эле киреше табууга байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө укук бербестен, Кыргыз Республикасына жеке мүнөздөгү ар кандай максат менен келе турган арыз ээсине бир туугандарына жолугуу, медициналык кызматтарды алуу максатында 60 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.

Чакырган тарап же арыз ээси Кыргыз Республикасында жүрүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды, ошондой эле дарыланууга жана Кыргыз Республикасынан чыгарууга кеткен чыгымдарды жабуу милдетин өзүнө алат.

22. Туугандар визасы ("RL" тиби) жакын туугандарына келүү жана үй-бүлөсү менен кошулуу учурунда арыз ээсине 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Зарылчылык болсо, качкын деп таанылган жакка ырастаган документтери болгон учурда, улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу боюнча Туугандар бир жолку чыгуу-кирүү визасы ("RL" тиби) 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

23. Мекен визасы (тип "М") этностук кыргыз деп таанылган жакка жана Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз ССРинде төрөлгөн Кыргыз Республикасына барууга же кайтып келүүгө, кийин "кайрылман" статусун алууга мүмкүнчүлүгү менен 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет. "Кайрылман" статусу бар адамга улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу боюнча чыгуу/кирүү Мекен визасы ("М" тиби) бир жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген Нускаманын 23-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 23-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

24. Туристтик виза ("ТS" тиби) Кыргыз Республикасына туризм максатында келүүгө ниеттенген арыз ээсине 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

25. Тоо туризми үчүн виза ("МТ" тиби) Кыргыз Республикасына тоо туризми (альпинизм, сноубординг, треккинг, рифтинг, маунтинбайк, хели-ски, аскага чыгуу, музга чыгуу, фрирайд, скитур жана тоо туризминин башка түрлөрү) максатында келүүгө ниеттенген арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

26. Диний виза ("R" тиби) диний уюмдар менен кызматташтык аркылуу Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

27. Үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтык ("О" тиби), инвестициялык (тип "I"), эмгек ("W1" жана " W2" типтери), окуу ("S" тиби) категорияларындагы визалар менен, ошондой эле жашап турууга уруксаттын же "кайрылман" статусунун негизинде жүргөн арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына, 18 жашка чейинки балдарына, жашы жете элек балдардын ата энесине, ошондой эле майып балдарга жана багуудагы ата-энесине), бир жылга чейинки мөөнөткө эмгектенүү укугусуз таризделет.

28. Транзиттик виза ("ТR" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен үчүнчү өлкөлөргө баруучу арыз ээсине колдонуу мөөнөтү 5 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

29. Чыгуу визасы ("L" тиби) арыз ээсине Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн өтүп кеткен жүрүү мөөнөтүн толуктоону эске алуу менен 10 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө төмөнкү учурларда берилет:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виза менен же визасыз режимде аныкталган жүрүү мөөнөтүн жана эрежелерин бузган учурда;

- жумушка болгон уруксатын тариздөөдөн баш тартууда же жокко чыгарууда;

- убактылуу же туруктуу жашоого уруксатты тариздөөдөн, узартуудан же жокко чыгаруудан баш тартууда жана аны жокко чыгарууда;

- визаны тариздөөдөн баш тартууда;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелериндеги окуусун токтоткондо же окуудан чыгарылганда, окуусун аяктаганда;

- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан ырасталган инвестициялык ишин токтоткондо;

- улуттук коопсуздук маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - улуттук коопсуздук органы) менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүүнү каалаган учурда, "кайрылман" статусу бар баш калка издеген же, же качкын деп таанылган адам кайрылганда;

Саламаттык сактоо уюмдары, улуттук коопсуздук/ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген ырастоочу документтер болгон учурда, төмөнкү учурларда чыгуу визасын кайрадан тариздөөгө жол берилет:

- арыз ээси оорусуна, жаракат алгандыгына же жабыр тарткандыгына байланыштуу өз алдынча кыймылдаганга мүмкүнчүлүгү болбогондо;

- арыз ээсинин териштирүү жана соттук иш-чараларга катышуу зарылчылыгы болгондо.

Чыгуу визасын тариздөө менен бир эле убакта арыз ээсинин колдонуудагы визасы болсо, ал жокко чыгарылат.

3. "Электрондук виза" порталы аркылуу визаларды тариздөө тартиби

30. Арыз ээси расмий интернет сайтында жайгашкан "Электрондук виза" порталы аркылуу ККДга электрондук визаны тариздөөгө арыз берет.

Келүү максаттарына жараша визаны тариздөө үчүн арызды чакырган тарап дагы бериши мүмкүн.

31. "Электрондук виза" порталы төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт:

- электрондук виза алуунун шарттары;

- "Электрондук виза" порталы аркылуу санариптик форматта бериле турган керектүү документтер;

- консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу акча каражаттары (мындан ары - каражаттар);

- каражаттарды төлөөнүн ыкмалары (электрондук банктык төлөө системасы);

- Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби;

- электрондук визаларды алуу үчүн арыздарды кароонун мөөнөтү;

- кабыл алуудан баш тартылган электрондук виза алуу үчүн арыздарды кайрадан карап чыгуу тартиби;

- каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;

- электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары;

- визаларды тариздөө боюнча кошумча маалыматтар.

32. Арыз ээси "Электрондук виза" порталында визалык анкетаны ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурат жана ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтерди түстүү фото (ак фондогу) менен берет. Адамдын жүзү даана болууга тийиш, бети жана далысынын жогору жагы сүрөткө толук батышы керек, сүрөткө түшүп жаткан адам камерага түз кароосу зарыл.

33. Визаны алуу үчүн арыз каражаттар төлөнгөндөн кийин ТМЭБС тарабынан ырасталат.

Арыз ээсинин визалык анкетасында ката же тийиштүү категориядагы визаны тариздөө үчүн ушул Нускамада каралган зарыл документтердин жоктугу белгиленген учурда, виза алууга арыз каталарды жоюу же арызды зарыл болгон бардык документтер менен толуктоо үчүн арыз берүүчүгө кайтарылат.

34. Электрондук визаны баш тарткан учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн акча каражаттары кайтарылып берилбейт.

35. Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда арыз ээсине визаны тариздөөдөн баш тартылат. Визаны тариздөөдөн баш тартуу тууралуу чечим арыз ээсине түшүндүрүлбөйт.

36. Визанын категориясына жана типтерине жараша визаны тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеги:

1) дипломатиялык виза ("D" тиби) үчүн:

- дипломаттык паспорттун көчүрмөсү;

- аккредитациялык картанын көчүрмөсү (ТИМ ККД же ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө);

- чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

2) кызматтык виза ("О" тиби) үчүн:

- кызматтык паспорттун көчүрмөсү;

- аккредитациялык картанын көчүрмөсү (ТИМ ККД же ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө);

- чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

3) инвестициялык виза ("I" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон ошол мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестор статусуна ылайык келишин ырастоочу жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

4) эмгек визасы ("W1" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же жумуш берүүчүнүн уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкаттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишин жүргүзүү ниети бар арыз ээсинин жеке кайрылуусу;

- жумушка болгон уруксат (узак мөөнөттүү визаны тариздеген учурда);

5) эмгек визасы ("W2" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же жумуш берүүчүнүн уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым каттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты же журналисттерди/корреспонденттерди аккредитациялоо жөнүндө документ (узак мөөнөттүү визаны тариздеген учурда);

6) окуу визасы ("S" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (окутуу мөөнөтүн жазуу менен) (узак мөөнөттүү визаны тариздеген учурда);

- 7) ишкердик визасы ("В" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым каттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; (жеңилдетилген визалык режим каралган чет мамлекеттин жарандарынан сырткары.

8) айдоочулук виза ("Т" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- эгерде башкалар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде каралбаса, арыз ээсинин кызматын жана жүк ташыган автотранспорт каражатынын маалыматын көрсөтүү менен транспорттук компаниянын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы;

- автотранспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- эл аралык жүк ташууга укук берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

9) мейман визасы үчүн ("G" тиби):

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсү тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты;

- чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- чакыруучу тараптын же арыз ээсинин иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалым кат же материалдык мүмкүнчүлүгү тууралуу бардык башка документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенме;

- дарылануунун мөөнөттөрүн, наркын, коштоп жүрүүчүлөргө муктаждыгын көрсөтүү менен (медициналык кызматтарды алуу максатында) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу же ырастамасы;

- дарылоону алдын ала төлөгөндүгүн же аны кийин төлөө мүмкүндүгүн ырастоочу документтер (медициналык кызматтарды алуу максатында);

- миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өтүнүчү же качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу-кирүү визасы бериле турган болсо);

10) туугандар визасы ("RL" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсү тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты;

- чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- никени каттоо тууралуу күбөлүк же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамиледе экендигин ырастоочу башка документтер;

- чакыруучу тараптын же арыз ээсинин иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалым кат же материалдык мүмкүнчүлүгүн далилдеген бардык башка документтер;

- жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүч катын кароо тууралуу документ (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда);

11) мекен визасы ("М" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- арыздын ээсинин өтүнүч каты;

- кыргыздардын этностук таандыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандык абалы тууралуу актыдан көчүрмө, архивдик документтер, чет өлкөнүн улуттук паспорттору);

- жашап турууга уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүч катын кароо тууралуу документ (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда);

- "кайрылман" статусу бар жактардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы бериле турган болсо);

12) туристтик виза ("ТS" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

13) Тоо туризми визасы ("МТ" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- жүрүү маршруту (тийиштүү тур уюштуруу планы);

14) диний визасы ("К" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген уруксаты болгондо диний уюмдун кайрылуусу;

15) үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- чет элдик жарандын арызы;

- кабыл алуучу уюмдун өтүнүч каты (юридикалык жактар үчүн);

- арыз ээси менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыгын күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү;

16) транзиттик виза ("ТR" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- үчүнчү өлкөгө баруучу акыркы пунктка чейин жол жүрүү билетинин көчүрмөсү же баруучу өлкөнүн визасынын көчүрмөсү же болбосо барган жеринен виза алууда үчүнчү мамлекеттин расмий бийлиги ырастаган уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;

17) чыгуу визасы ("L" тиби) үчүн:

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- улуттук коопсуздук органынын, ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каттары.

Арыз ээлери ушул пунктта каралган документтерди чет тилинде берген учурда алардын мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу тиркелүүгө тийиш, мында документтер менен иштеген котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек (документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдениши же болбосо Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ага мамлекеттик жана расмий тилдеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу жүргүзүлүшү керек.

37. Визалык анкета, санариптик сүрөттөр жана арызга кошумча документтер ТМЭБСте сакталат.

38. ККД тапшырылган документтердин ушул Нускаманын талаптарына шайкештигин текшерет. Каталар же шайкешсиздиктер аныкталган учурда арыз ээсине оңдоолордун зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жиберилет жана өтүнмө жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет.

39. Визаны тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 4 иш күндүн ичинде ТМЭБС аркылуу макулдашылат.

Жеңилдетилген визалык режим колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле 14 жашка чыга элек жактар үчүн визаны тариздөөгө өтүнмөлөр макулдашуудан өтпөйт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук органы арыз ээсинин электрондук виза алуусу үчүн тоскоол боло турган негиздердин жоктугу же электрондук виза берүүнүн максатка ылайыксыздыгы тууралуу ККДга электрондук билдирүү жөнөтөт. Улуттук коопсуздук органы көрсөтүлгөн мөөнөттө жообун бербесе, өтүнмө оң жагына макулдашылды деп эсептелет.

40. ККД улуттук коопсуздук органы менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык арыз ээсинин визалык анкетасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук визаны жиберет.

Электрондук виза берилгендиги тууралуу маалымат тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга автоматтык түрдө белгилүү болот.

41. Арыз ээси Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар расмий өткөрүп жаткан эл аралык, экономикалык, илимий, маданий, спорттук иш-чараларга катышканда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөткөндө же Кыргыз Республикасында жашаган (каза болгон) жакын тууганы (ата-энеси, жубайы, балдары, багып алгандары, багып алуучулары, уялаш жана уялаш эмес ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң атасы, чоң энеси, неберелери) катуу ооруп же каза болгондо жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына келүүсү жөнүндө маселени тез арада чечүү керек болгондо ККД/чет өлкөдөгү мекеме мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү өтүнүч катынын, берилген ырастоочу документтердин жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тоскоолдуктардын жоктугунун негизинде улуттук коопсуздук органына милдеттүү түрдө билдирүү менен 3 иш күндүн ичинде визалык колдоону тариздөөгө укуктуу.

42. Арыз ээси электрондук визаны алгандан кийин зарылдыкка жараша аны кагазга чыгарат.

43. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келгенде арыз ээси мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине электрондук виза таризделген жарактуу документин көрсөтөт. Виза таризделбеген башка жарактуу документин көрсөтүү анын ээсине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугун бербейт.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери электрондук визанын бар экендигин ТМЭБС системасында текшерет.

44. Эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү шарттарына туура келсе, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ТМЭБС системасына киргендигин каттайт жана киргендиги жөнүндө жарактуу документиндеги мөөр менен электрондук визанын бар экендигин ырастайт.

45. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасы арыз ээсинин электрондук визасынын болгонуна карабастан, төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнөн баш тартуу укугуна ээ:

- арыз ээсинин мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө укук берүүчү жарактуу документи жок болсо;

- арыз ээсинин жарактуу документин окууга мүмкүн болбосо же анын механикалык бузуулары болсо;

- арыз ээси мамлекеттик чек аранын режимин же өткөрүү пункттарындагы режимди бузса;

- арыз ээси мамлекеттик чек арадан өтөөрдө өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдирсе.

46. ККД визаны тариздөө өтүнмөсүн карап чыгууда арыз ээсин же чакыруучу тарапты тапшырылган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн чакырууга укуктуу.

47. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда узак мөөнөттүү визаларды тариздөө тууралуу өтүнүч кат ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен колдонуудагы визанын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күндөн кечиктирбей тапшырылат.

48. Визаны тариздөө тууралуу өтүнүч катты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сырткары, мурда тийиштүү визаны тариздеген чакыруучу тарап бере алат.

49. Колдонуудагы визанын мөөнөтү ККД жана ТИМ ЫӨ тарабынан кыскартылышы же токтотулушу мүмкүн.

50. Улуттук коопсуздук органы тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) ТМЭБСте жаңыланат, ошондой эле электрондук форматта ККДга берилет.

Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү (латын транскрипциясы менен);

- туулган датасы;

- жарактуу документинин реквизиттери (бар болсо);

- жарандыгы.

51. Визанын суралган колдонуу мөөнөтүн, анын кайталанышын кыскартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:

- Кыргыз Республикасында конференциянын/жыйналыштын/спорттук мелдештердин/сүйлөшүүлөрдүн/көргөзмөлөрдүн иш жүзүндөгү өтүү мөөнөттөрү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында окуунун, медициналык же санаториялык-курорттук дарылануудан өтүүнүн узактыгы;

- эгерде арыз ээси же чакырган тарап Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү зарылдыгын жетиштүү негиздей албаса;

- эгерде арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилинде жашоого, ошондой эле жашаган өлкөсүнө кайтып кетүүгө жетиштүү каражаты жок болсо.

4. Визаларды альтернативдүү (кагаз түрүндө) тариздөө тартиби

52. Чакыруучу тарап ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган зарыл болгон документтерди тиркөө менен ККДга визалык колдоону тариздөө үчүн жазуу жүзүндөгү өтүнмө берет.

Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар үчүн визалык колдоону тариздөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Нускаманын 36-пунктунда аталган документтерди тиркеп, арыз менен ККДга жана ТИМ ЫӨгө (жеке максаттары үчүн) кайрылышат.

Жеке ишкердикти жүргүзүү үчүн же туристтик максатта Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген чет өлкөлүк жарандар ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтер менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышат.

Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүч кат ККД тарабынан документтерди тапшырган күндөн тартып 7 иш күндүн ичинде каралат.

Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 4 иш күндүн ичинде макулдашылат. Улуттук коопсуздук органы көрсөтүлгөн мөөнөттө жообун бербесе, өтүнмө оң жагына макулдашылды деп эсептелет.

Жеңилдетилген визалык режим колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандары үчүн, ошондой эле 14 жашка чыга элек жактарга визаларды тариздөө үчүн өтүнмөлөр макулдашуудан өтпөйт.

53. Визанын категориясына жараша визалык колдоону тариздөө үчүн ККДга жана ТИМ ЫӨгө төмөнкүдөй документтер тапшырылат:

жеке максаттар үчүн (ККДга жана ТИМ ЫӨгө):

- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы;

- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;

- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо;

- визанын талап кылынган категориясына ылайык ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган башка документтер.

башка максаттар үчүн (КДДга):

- чакыруучу тараптын өтүнүч каты;

- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;

- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо;

- визанын талап кылынган категориясына ылайык ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган башка документтер.

54. Визалык колдоо таризделет жана ККД/ТИМ ЫӨ тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине, ошондой эле эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пунктуна жиберилет.

55. Жеңилдетилген визалык режим колдонулуучу чет өлкөлүк жарандарга виза алардын жеке кайрылууларын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлөрдөгү мекемелер же эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пункту тарабынан таризделет.

56. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;

- ак фондогу 35x45 мм өлчөмүндөгү түстүү сүрөт;

- каражаттардын төлөгөндүгүн ырастоочу документ (төлөнүүгө тийиш болсо);

- Ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган башка документтер (визалык колдоо жок болгон учурда).

57. Арыз ээси мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пунктуна төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;

- жарактуу документинин көчүрмөсү;

- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо.

58. Документтерди кабыл алууда консулдук кызмат адамы алардын толуктугун жана толтурулганынын тууралыгын текшерет жана аларда баяндалган маалыматтардын тактыгына күмөн саноо болсо, арыз ээсинен же чакырган тараптан тактап сурайт. Зарылдыкка жараша консулдук кызмат адамы арыз ээси же чакырган тарап берген маалыматтарды ырастоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди талап кылат.

59. Арыз ээси сүрөтү жана жарактуу документинин маалыматтары камтылган жарактуу документинин беттеринин көчүрмөлөрүн жана визаларды тариздөө жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча документтерди тапшырат. Аталган документтердин талабы төмөнкүлөрдү ырастоо максатында ишке ашырылат:

- визалык анкетада, визалык анкетанын тиркемесинде баяндалган маалыматтарды;

- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган виза берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин жоктугун;

- арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жүрүүсү жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү үчүн чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон каражаттарды (арыз ээсинин Кыргыз Республикасында болуусу жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү боюнча бардык чыгымдарды төлөгөндүгү жөнүндө арыз ээсин кабыл алган жеке же юридикалык жактын кепилдик каты).

60. Визалык анкета арыз ээси тарабынан мамлекеттик/расмий же англис тилдеринде толтурулат (аты-жөнү, жарактуу документинин маалыматтары латын тамгалары менен толтурулат).

Визалык анкетанын бардык пункттары милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш жана арыз ээсинин өз колу менен ырасталат.

18 жашка чыга элек арыз ээси ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдүн колу коюлган визалык анкетаны тапшырат.

61. Арыз ээси жарактуу документинин түп нускасын берет, ал төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:

- визаны тариздөө үчүн бирден кем эмес таза барактын болуусу;

- тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн белгилер, жазуулар, кырып өчүрүүлөр жана оңдоолор болбошу керек. Жарактуу документте айрылган, чапталган жана бузулган барактар болбошу керек.

62. Визаны, визалык колдоону тариздөөгө өтүнүч кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш күнүндө жана убакытта, бекитилген кабыл алуу графигине ылайык кабыл алынат.

63. Визаны тариздөө жөнүндө өтүнүч Консулдук кызматка же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгүнө визанын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө кеминде 10 күн калганда берилет.

64. Визаны тариздөө тууралуу өтүнүч кат менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сырткары, Кыргыз Республикасына кирген визаны мурун тариздеген чакыруучу тарап гана кайрыла алат.

65. Визаны берүүдөн баш тарткан учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн акча каражаттары кайтарылып берилбейт.

6. ТМЭБС техникалык башкаруусу

66. Визаны тариздөөгө арыздарды ТИМдин органдары тарабынан кароо процесси ТМЭБС менен башкарылат жана контролдонот.

67 ТМЭБС менен пайдалануу чектелүү болушу керек. ТМЭБСке санкцияланбаган пайдалануунун алдын алуу үчүн улуттук коопсуздук органы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт. ТМЭБС операторлорунда ККД тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын деңгээлине жараша жеке пайдалануу коду болот.

"Электрондук виза" подкомпонентине кирүү операторлордун ыйгарым укуктуу деңгээлине жараша ККД тарабынан аныкталат.

68. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары маалыматтарды синхрондоштуруу жана алмашуу үчүн ТМЭБСке интеграциялануу укугуна ээ.

69. Визаны тариздөө жөнүндө арызды берүүдө арыз ээсине ТМЭБСте катталгандыгы боюнча жеке идентификациялык номер ыйгарылат.

70. Чакыруучу тарап үчүн "Электрондук виза" порталында "жеке кабинетти" колдонуу мүмкүндүгү каралган, анда визаларды тариздөө үчүн мурда тапшырылган уставдык жана башка документтер, ошондой эле чакыруучу тараптын өтүнүч каты боюнча мурда алынган визалар жөнүндө маалыматтар сакталат.

71. Визаны тариздөө процессине катышкан мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруу чараларын көрүшөт.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманын
1-тиркемеси

Визалык чаптаманын негизги маалыматтары

КР
Герби

ВИЗА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

VISA
KYRGYZ REPUBLIC

ВИЗАНЫН КАТЕГОРИЯСЫ/CATEGORY OF VISA

ВИЗАНЫН ТҮРҮ/TYPE OF VISA

БАШТАП/FROM                          ЧЕЙИН/ТО

ATЫ-ЖӨHҮ/SURNAME AND NAME

 

ПАСПОРТТУН №/PASSPORT NO

КОШУМЧА МААЛЫМАТ/ADDITIONAL INFORMATION

 

КИРҮҮЛӨРДҮН САНЫ/NUMBER OF ENTRIES

КОЛДОНУЛУУ МӨӨНӨТҮ/VALID

КИРИШ/         ЧЫГЫШ/          КИРИШ/

ENTRY            EXIT                ENTRY

БЕРИЛГЕН ДАТАСЫ/DATE OF ISSUE

ЧАКЫРУУЧУ ТАРАП/INVITING PARTY

КЫЗМАТКЕРДИН КОЛУ, АТЫ-ЖӨНҮ/SIGNATURE AND NAME OF OFFICER IN CHARGE

 

QR-КОД

 

IA XXXXXX

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманын
2-тиркемеси

Визалык анкета/Визовая анкета/Visa application form

Жарандыгы/Гражданство/Citizenship

 

Документтин түрү/Тип документа/Type of document:

 

Визанын категориясы жана түрү/Категория и тип визы/Category and type of visa

 

Толук аты-жөнү/ФИО/Full name

 

Туулган күнү/Дата рождения/Date of birth

 

Документтин №/№ документа/Document No.

 

Жынысы/Пол/Gender

 

Электрондук почтанын дареги/Адрес электронной почты/e-mail

 

Байланыш телефону/Контактный телефон/Contact phone number

 

Чакыруучу тараптын байланыш маалыматтары/Контактные данные приглашающей стороны/Contact details of the inviting party:

 

Кыргыз Республикасында жашай турган дареги/Адрес проживания в Кыргызской Республике/Place of stay in the Kyrgyz Republic

 

Баруу максаты/Цель визита/Purpose of visit

 

Кирүү датасы/Дата въезда/Planning date of entry

 

Чакыруучу тарап боюнча маалымат*

Расмий аталышы/Официальное название/Official name

 

Лицензиясынын №/№ лицензии/License no.

 

Юридикалык дареги/Юридический адрес/Address

 

Байланыш телефону/Контактный телефон/Contact phone number

 

Төлөө/Payment

Төлөө түрү/Способ оплаты/Туре of payment:

 

Төлөө статусу/Статус оплаты/Payment status:

 

Төлөө суммасы/Сумма оплаты/Payment amount:

 

Төлөөдөн бошотуу үчүн негиз/Основание для освобождения от оплаты/Grounds for exemption from payment:

 

(*) туристтик жана транзиттик визаларга кереги жок/not required for tourist and transit visas.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманын
3-тиркемеси

 

КР
Герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР
МИНИСТРИЛИГИ

 

 

MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC

 

 

Электрондук виза - "E-visa"

 

Сүрөт/Photo

 

Визанын номери/

Visa number:

XXXXXXXX

 

 

 

 

 

QR код

 

 

 

Толук аты-жөнү/Full name:

 

Туулган датасы/Date of birth:

XX/XX/XXXX

Жарандыгы/Citizenship:

 

Жарактуу документтин (паспорттун) номери/

 

Number of Travel document (passport):

 

Жарактуу документтин (паспорттун) берилген датасы/

XX/XX/XXXX

Date of issue of the travelling document (passport):

 

Жарактуу документтин (паспорттун) бүткөн датасы/

XX/XX/XXXX

Date of expiry of the travelling document (passport):

 

Визанын категориясы/Category of visa:

 

Визанын түрү/Туре of visa:

 

Визанын колдонулуу мөөнөтү/Validity of visa:

 

Кирүүлөрдүн саны/Number of entries:

 

Жүрүү мөөнөтү/Period of stay:

 

Чакыруучу/Invitation:

 

Визанын берилген датасы/Date of issue:

XX/XX/XXXX".