Визалык колдоону тариздөө үчүн документтердин тизмеси

Визалык колдоо – Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы менен макулдашуудан өткөн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине же мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пунктка жиберилген, арыз берүүчүгө виза тариздөөгө документтерди берүү үчүн негиз болгон чакырган тараптын расмий таризделген чакыруусу (“Е-виза” порталы резервдик иштеген учурда колдонулат);

Визанын категориясына жана тибине жараша визалык колдоону тариздөө үчүн зарыл болуучу документтердин тизмеги:

1) дипломаттык визалар үчүн ("D" тиби):

- дипломаттык паспорттун көчүрмөсү;

- чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу түрүндөгү кайрылуусу;

2) кызматтык виза үчүн ("О" тиби):

- кызматтык паспорттун көчүрмөсү;

-  чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу түрүндөгү кайрылуусу;

3) инвестициялык виза үчүн ("I" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу түрүндөгү кайрылуусу, ушул мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын кол тамгасы коюлат;

- жумуш берүүчүнүн жазуу түрүндөгү кайрылуусу, уюмдаштыруучу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү тиркелет;

4) эмгек визасы үчүн ("W1" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- жумуш берүүчүнүн жазуу түрүндөгү кайрылуусу, уюмдаштыруучу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү тиркелет;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкерлик иш-аракеттерин жүргүзүүгө ниеттенген арыз берүүчүнүн жеке кайрылуусу (документтер Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине берилет);

5) эмгек визасы үчүн ("W2" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу түрүндөгү кайрылуусу же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусу, уюмдаштыруучу документтери тиркелет;

6) окуу визасы үчүн ("S" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу түрүндөгү кайрылуусу;

7) эмгек визасы үчүн ("В" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу түрүндөгү кайрылуусу же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусу (болуу мөөнөтүн көрсөтүү менен), баруунун иштиктүү мүнөздө экендигин күбөлөндүргөн документтери тиркелет;

8) айдоочулук виза үчүн ("Т" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- транспорттук компаниянын жазуу түрүндөгү кайрылуусу, арыз берүүчүнүн кызмат ордун жана жүк ташуучу автотранспорт каражатынын маалыматтарын көрсөтүү менен, эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкалар каралбаса;

- айдоочулук күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;

- автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- эл аралык жүк ташууну ишке ашырууга укук берген лицензиянын көчүрмөсү;

9) жеке виза үчүн ("Р1" тиби):

- визалык анкета

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнмөсү, ички паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн тиркөө менен;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турганын тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- иштеген жеринен берилген эмгек акысы жөнүндө маалымкат же чакырган тараптын же арыз берүүчүнүн материалдык жетиштүүлүгү жөнүндө кандай болбосун документ;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттыкты сактоо уюмунун чакыруусу жана тастыктоосу, дарылоонун мөөнөтүн жана анын баасын, коштоочу кишилердин зарылдыгын көрсөтүү менен (медициналык кызматтарды алуу максатында);

- дарылоого алдын ала төлөнгөнүн же аны кийин төлөө мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер (медициналык кызматтарды алуу максатында);

10) жеке виза үчүн ("Р2" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнмөсү, ички паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн тиркөө менен;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турганын тастыктаган документтин көчүрмөсү;

 - никени каттоо жөнүндө күбөлүк же арыз берүүчүнү Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандыгын тастыктаган башка документтер;

- иштеген жеринен берилген эмгек акысы жөнүндө маалымкат же чакырган тараптын же арыз берүүчүнүн материалдык жетиштүүлүгү жөнүндө кандай болбосун документ;

- миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өтүнмөсү жана качкын катары таанылган кишинин жеке кайрылуусу (чыгуу-кирүү визасы берилген учурда);

11) жеке виза үчүн ("Р3" тиби);

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнмөсү, ички паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн тиркөө менен;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турганын тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- этностук кыргыздардын этноско таандык экендигин тастыктаган документтер (мамлекеттик же расмий тилге которулган жана нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандык абалдын актыларынан алынган үзүндү-көчүрмөлөр, архивдик документтер, чет мамлекеттин улуттук паспорттору);

- арыз берүүчүнүн өтүнмөсүн карап чыгуу жөнүндө жана жашап турууга уруксат берүү жөнүндө же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө документ (виза узартылган учурда);

- "кайрылман" статусу бар кишилердин жеке кайрылуусу (кирүү-чыгуу визасы берилген учурда);

12) туристтик визалар үчүн ("TS" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- кабыл алган туристтик уюмдардын жазуу түрүндөгү кайрылуусу же арыз берүүчүнүн жеке кайрылуусу;

13) диний виза үчүн ("R" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген чакыруу, арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасында болуу максаттарын жана мөөнөтүн көрсөтүү менен;

14) үй-бүлөлүк виза үчүн ("F" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- чет өлкөлүк жарандын арызы;

- кабыл алган уюмдун өтүнмөсү;

- арыз берүүчү менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыкты күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү; 

15) транзиттик виза үчүн  ("TR" тиби):

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- үчүнчү өлкөдөгү акыркы баруучу пунктуна чейинки жол жүрүү билетинин көчүрмөсү же барган өлкөнүн визасынын көчүрмөсү, же үчүнчү өлкөнүн расмий бийликтери тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү, виза барганда алынган учурда;