Визалык колдоону тариздөөнүн тартиби

Визалык колдоо – арыз берүүчүгө виза тариздөөгө документтерди берүү үчүн негиз болгон, мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пунктка же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине жиберилген, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашуудан өткөн чакырган тараптын расмий таризделген чакыруусу (“Е-виза” порталы резервдик иштеген учурда колдонулат);

Чакырган тарап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Виза борборуна Нускаманын 39-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтерди тиркөө менен визалык колдоону тариздөөгө жазуу түрүндөгү табыштама берет.

Кыргыз Республикасынын жарандары жеке максаттары менен Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн визалык колдоону тариздөө максатында ушул Нускаманын 39-пунктунун 9-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер тиркелген арыз менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Виза борборуна жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгүнө кайрылышат.

Жеке ишкерлик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн же туристтик максаттарда Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандар ушул Нускаманын 39-пунктунун тийиштүү түрдө 4 жана 12-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылышат.

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнмөлөр Виза борбору тарабынан документтер берилген күндөн баштап 7 иш күндүн ичинде каралат.

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визалык колдоону тариздөөгө табыштамаларды улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу же берүү 4 иш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. 14 жашка толо элек кишилер үчүн визалык колдоону же визаны тариздөөгө табыштамалар макулдашууга жатпайт.

Улуттук коопсуздук органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда табыштама оң макулдашылган болуп эсептелет.

КР ТИМ Виза борборуна жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгүнө визалык колдоону тариздөө үчүн визалардын категорияларына жараша төмөнкү документтер берилет:

жеке максаттар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы;

- толтурулган визалык анкета;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн каражат төлөнгөнүн тастыктаган документ;

- ушул Нускаманын 39-пунктунун 9-11-пунктчаларында көрсөтүлгөн башка документтер.

Башка максаттар үчүн:

- чакырган тараптын өтүнмөсү;

- толтурулган визалык анкета;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн каражат төлөнгөнүн тастыктаган документ;

- ушул Нускаманын 39-пунктунун тийиштүү пунктчаларында көрсөтүлгөн башка документтер.

Визалык колдоо КР ТИМ Виза борбору / Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү тарабынан таризделет жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине, ошондой эле эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМ визалык пунктуна жиберилет.

Жеңилдетилген визалык режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандарына визаларды берүү алардын жеке кайрылууларын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөдөгү мекемелер же эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМ визалык пункту тарабынан ишке ашырылат.

Визалык колдоону кабыл алуу жана тариздөө үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн өндүрүлгөн төлөмдөр:

1. Алдын ала кароого жана каттоого документтерди кабыл алуу – 100 сом;

2. Визалык колдоону тариздөө - 250 сом (макулдашуунун жыйынтыгы боюнча).