КРнын ТИМнин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов Герман эл аралык кызматташуу уюмунун координатору Н.Маткадырова жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун башчысы А.Умаров менен жолукту

2019-жылдын 6-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун Герман эл аралык кызматташуу уюмунун «Кыргызстанда туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү» программасынын координатору Назира Маткадырова жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун Ош шаарындагы кеңсесинин башчысы Абдымомун Умаров менен жолугушуулары өттү.

Жолугушуулардын алкагында тараптар Герман эл аралык кызматташуу уюмунун Ош облусун экономикалык өнүктүрүү боюнча Программасын жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун саламаттыкты-сактоо жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу чөйрөсүндөгү долбоорлорунун жүрүшүн жана Герман эл аралык кызматташуу уюмунун Программасынын жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун кеңсесинин мындан аркы ишмердигин талкуулашты.

Ошону менен катар, тараптар Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын экономикалык жана туристтик потенциалдарын чыңдоо боюнча 2019-жылга кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын алкагында Өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан экономика, туризм жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашырууда тыгыз кызматташууну улантуу зарылчылыгы белгиленди.

  • 2019-жылдын 6-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун Герман эл аралык кызматташуу уюмунун «Кыргызстанда туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү» программасынын координатору Назира Маткадырова жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун Ош шаарындагы кеңсесинин башчысы Абдымомун Умаров менен жолугушуулары өттү.

Жолугушуулардын алкагында тараптар Герман эл аралык кызматташуу уюмунун Ош облусун экономикалык өнүктүрүү боюнча Программасын жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун саламаттыкты-сактоо жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу чөйрөсүндөгү долбоорлорунун жүрүшүн жана Герман эл аралык кызматташуу уюмунун Программасынын жана Эл аралык Кызыл Крест коомунун кеңсесинин мындан аркы ишмердигин талкуулашты.

Ошону менен катар, тараптар Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын экономикалык жана туристтик потенциалдарын чыңдоо боюнча 2019-жылга кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын алкагында Өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан экономика, туризм жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашырууда тыгыз кызматташууну улантуу зарылчылыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK